Тогуздун айы 09, 2024
Убакыт: 10:10
USD
85.10
85.60
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Акылбек Жапаров өлкөдөгү бала бакчалар эки сменага өтөрүн айтты

21.11.2023 15:57
270
Акылбек Жапаров өлкөдөгү бала бакчалар эки сменага өтөрүн айтты


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өлкөдө бала бакчалардын иштөө тартиби өзгөрө турганын айтты.


Ал бийлик бала бакча куруп, аларды китептер менен камсыздоого даяр экенин айтып, бирок бакчаларды эки сменага өткөрүү зарылдыгына токтолгон.


"Балдарды багып, түштө тамак берип, уктатып, анан кечинде атасы алып кетет деген философиядан баш тартып жатабыз. Түшкө чейин бир балдар келип мектепке даярданат, түштөн кийин экинчи смена менен башкалар келе тургандай болот. Ошондой бакчаларга биз колубуздан келген жардамдын баарын беребиз. Жергиликтүү бийлик да, ата-энелер да ушуга кошулуш керек", — деген Жапаров.


Ал республикалык бюджеттен бакчанын электр энергиясына, суусуна, имаратына каражат бөлүнөрүн белгилеген.


"Бакчада балдардын тамагына акча бергиле деп кыйнабагыла. Бакчага 24 пайыз эле бала барат экен, биз андан көрө ошону 50 пайызга чейин жеткирели", — деген өкмөт башчы.


Ал билим берүү тармагына келген жаңы министр менен бул жаатта жаңы концепция иштелип жатканын кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн