Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:16
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

18.01.2022 07:34
1079
Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Аталган документ Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында кабыл алынган.


Мындан улам КР министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:


1) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;


2) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама.


Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылды.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн