Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 10:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Акылбек Жапаров "Манас" аэропортун модернизациялоону талкуулады

16.03.2022 22:40
588
Акылбек Жапаров "Манас" аэропортун модернизациялоону талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана «IFC» Эл аралык финансы корпорациясынын аймактык менеджери Мунир Ферози мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Тараптар телекоммуникация тармагындагы долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.


Маектешүүнүн маанилүү темасы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомун модернизациялоо маселеси болду.


Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы «Манас» ачык акционердик коомун модернизациялоо боюнча сунуштарды даярдоону тездетүүнү, кошуна мамлекеттердеги ийгиликтүү долбоорлордун мисалында энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнүн оң тажрыйбасын пайдаланууну, ошондой эле бул багытты өнүктүрүү боюнча 3 пилоттук долбоорду ишке берүүнү сунуштады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн