Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Акылбек Жапаров "Салык сервис" мамлекеттик мекемесин түздү

22.03.2022 12:17
979
Акылбек Жапаров "Салык сервис" мамлекеттик мекемесин түздү

"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.


"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси салыктык укук мамилелеринин катышуучуларына салык милдеттенмелерин аткаруу жана эффективдүү башкаруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.


"Салык сервис" мамлекеттик мекемесинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:


- салык органдарынын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, колдоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;


- зарыл болгон учурда салык органдары өз функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланган материалдык-техникалык базаны, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу системаларын камсыз кылуу, колдоо.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн