Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акылга сыйбайт. Адахан Мадумаров өзүнө карата өзгөртүлгөн кылмыш иши тууралуу пикирин билдирди

04.03.2022 11:47
820
Акылга сыйбайт. Адахан Мадумаров өзүнө карата  өзгөртүлгөн кылмыш иши тууралуу пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирди.


Анын айтымында, ал мамлекеттик кызматта турганда мамлекеттин бир кирпичин да өзүнө ыйгарып алган эмес.


"Жогорку Кеңеш мага карата коюлуп жаткан айыпты жабык эшик артында карады. Анда Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү да келди.

Мурда "чыккынчылык" боюнча козголгон кылмыш ишти эми "кызмат абалынан пайдалануу" беренесине өзгөртүптүр.

Бул өзү акылга сыйбаган иш. Менин да үй-бүлөм бар, досторум жана тарапташтарым бар. Бир айдан бери мени эмне гана деген жок.

Эми минтип беренени өзгөрткөнү акылга сыйбай турат",- деди Мадумаров.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн