Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Акимжан Муйбиллаев министр болууну кыялданып атабы?

18.11.2021 13:12
3403
Акимжан Муйбиллаев министр болууну кыялданып атабы?


Курманбек Бакиевдин заманында финансы полициясын жетектеген Акимжан Муйбиллаев апрель окуясынан кийин издөөгө алынып, аз убакытка сыртта күн кечиргенге үлгүргөн. Өзүнө карата козголгон кылмыш ишин кимдин көмөгү менен кантип жаптырганы коомчулукка белгисиз болгон каарманыбыз акыркы мезгилде кайрадан кызмат дартына чалдыгып, саясатка тымызын аралашканы тууралуу сөздөр жүрүүдө. Ал үчүн, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесине көздөй кишисин коштуруп, анысын депутат кылса, анан өзү үлкөн министрликтердин биринин креслосунда отурганын кыялданганы жалганбы? Мындай аруу ниетин жакындарына шыбыраганычы? Эгер мунусу чын чыкса, Акимжан Муйбиллаевич министрликтин «эки тизгин, бир чылбырын» кандайча колго алмакчы? Себеби, министрлер кабинетин парламенттин макулдугу менен президент өзү дайындайт. Мурдагыдай парламенттин босогосун аттаган партиялар коалиция түзө салып, папкелерди устукан бөлгөндөй бөлүштүргөн учур өткөн. Же Муйбиллаевдин эл билбеген сыйкырдуу планы барбы? Акимжан мырзага соболдорду жолдодук. Жооп бербесе, күдүк ойлор уланып отуруп, кызыктар тараптардын суроосун жаратып калбайбы?


Алтынбек Өмүралиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн