Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:43
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Акын Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

17.08.2020 11:17
1079
Акын Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

Жаш акын жана теле алып баруучу Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге маданият министри Азамат Жаманкулов кол койгон.

Акбар Кубанычбеков 300гө жакын ырлардын автору, «Периштенин канаты» жана «Бир күн» китептерин басып чыгарууга жетишкен. Анын ырларын учурда кыргыз эстрадасынын жоон тобунун өкүлдөрү ырдап, эл сүймөнчүгүнө айланды.

Пандемия шартында жарык көргөн «Адамга адам керек» ырынын сөзү да жаш акынга таандык.

Акбар Кубанычбеков Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн