Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо шарты менен бошотулду

23.01.2022 18:59
708
Акын Болот Назаров эч жакка чыкпоо шарты менен бошотулду

Болот Назаровго карата сыртка чыкпоо тили каты түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башмармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралат.


Эскерте кетсек, Болот Назаров жана Болот Темиров КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Баңги каражаттарын сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) жана 287-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектелүүдө.


Назаров Бишкек шаарынын Турусбеков-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Кармоо учурунда андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылып, анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн