Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар союзу «Марал» радиосуна билдирди. Анын сөөгү учурда онкологиялык ооруканада экени айтылды.
Рамис Рыскулов кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал чыгармачыл чөйрөгө жаштайынан аралашып, 1960-жылдардан бери бул тармакта үзүрлүү эмгектенип келген. Анын алгачкы чыгармалар топтому «Жаз» деп аталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн