Акыркы беш жылда Кыргызстандын калкы 390,6 миң адамга же 7,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6 миллион 256,7 миң адам жашаган. 2022-жылдын башына карата бул көрсөткүч 6 миллион 647,3 миңге өскөн.
Көрсөтүлгөн мезгилде калктын санынын өсүшү менен айыл тургундарынын саны 1,5 пайызга кыскарган. Бирок айыл калкынын шаар калкынан басымдуулугу сакталып калган. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 35,4 пайызы шаарда, 64,6 пайызы айылдарда жашайт.
Калктын гендердик катышы өзгөрүүсүз калган: 50,4% аялдар, 49,6% эркектер.
Кыргызстандыктардын орточо жашы 2022-жылдын башында 28 жашты түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн