Мектеп короосунда «акыркы коӊгуроо» салтанаты аяктап баратты. Бүтүрүүчү класстын окуучулары бүгүн башка күндөрдөн өзгөчө толкунданышып, айрымдары көздөрүнөн жаш алып, эреркеп турушту. Кечээ эле «эх, ушул жадатма сабактар качан бүтөт», «ушул эжейдин тилинен качан кутулабыз» деп түйшөлгөн күндөр жок, мектеп короосу өз үйүндөй көрүнүп, таштап кеткилери келбейт. «Эх, кайра бир ирет бала болуп, кайра бир ирет биринчи класска келгидей кылса э…» дегендей сезим-туюмдар көөдөндүн түпкүрүндө жашынып тургансыйт…
Салтанат бүтүп, окуучулар он бир жыл мурда 1-класска келген бөлмөгө киришти. Ал бөлмөдө биринчи мугалими Бекмурза агайынын «акыркы сабагы» өтмөк…
«Мына кызык! Акыркы сабак кандай болор экен…Баса, Бекмурза агайдын биринчи сабагы кандай болду эле…?”
Бекмурза агайы аларды классында күтүп туруптур. Он бир жыл мурда дагы ал ушинтип класста күтүп турса керек эле… Оо, андагы Бекмурза агайы кайда?! Анда жапжаш, жогорку окуу жайды жаӊы гана бүтүп келген, маӊдай чачын экиге бөлүп, бир аз өйдө карата тараган, шыӊга бойлуу, аппак костюм кийип, жапжашыл галстукту кычырата байлаган, кол сумка кармаган, супсулуу жигит эмес беле…Азыр, жетимиш жашка келип, чачтары күмүштөй жаркырап, беттерине бырыш түшкөн, жука эриндери ачылса маӊдайкы алтын тиши «жарк» эте көрүнгөн, дагы деле сүйкүмдүү, жүзүнөн акыл менен билим чачырап тургандай, салабаттуу адам турду. Мына ушул адам –алардын биринчи мугалими-Бекмурза агайы!
Окуучулар ошол он бир жыл мурда отурган парталарына кайрадан жайгашып отурушту да, бири-бирине жылмая карашып, орундарынан жапырт өйдө болушту. Маӊдайында турган Бекмурза агайына бир ооздон: «Саламатсызбы, агай!» дешип учурашты да, агайынынын «отургула» деген сөзүн күтүп калышты. Бекмурза агай балдардын ар бирине көз токтото жылмая карап жатты. Ооба, ар биринин кылыктары, жоруктары кыраа кишинин эсинде. Унутпаптыр. Эстеди. Күлкүсү келип, ууртунан жылмайып, өмүрдүн өтүп жатканын, турмуштун “күр-шар” эткен агымы мындан ары дагы да токтобой ага берерин, өзү да ушулардай жаш болуп, бир кезде биринчи ирет мектепке келгенин, анан маӊдайында турган ушул балдар бир күнү дал өзүндөй ак чач болорун ойлоп, табияттын мыйзамына таӊ калып турду.
Анан гана «отурагойгула» деди да, колун артына алып, ойго батып ары-бери басты. Кандай болгондо да, ал азыр бүгүн өтүүчү “акыркы” сабагын баштоо, аны кандай сөздөр менен аяктоо туурасындагы ойлор Бекмурза агайды термеп турду.
- Маанайыӊар кандай, балдарым..!-деди анан, окуучулардын кабактарынын салыӊкы экендигин байкап турса да.
- Ичибиз ачышып жатат…- арткы партада отурган Керимбек шумдана сөз баштады.- Он бир жыл бат эле өтүп кетиптир…Кечээ эле биринчи класска киргендей болгонбуз…
Керимбектин сөзүнө балдардын баары күлүп жиберишти. Көрсө, анын бул сөздөрү баарынын жүрөгүндө ойноп турса керек.
- «Бир күнү башым, бир күнү тишим» деп, сабактан каччу элеӊ го… Эми кайра кичинекей болуп, биринчи класска атаӊ жетелеп келип окуй турган болсоӊ, качат белеӊ сабактан?
- Жок, агай. Бир күн дагы калтырбай, тартиптүү болуп, жалаӊ «бешке» окумакмын…
Анын бул сөзү да класс ичин “дуу” эттире жарып жиберди. Балдардын жанагы чөгүп турган маанайы көтөрүлүп, баригин ачкан апакай гүлдөн бетер маанайлары жайнай түштү. Бекмурза агай оӊ жактагы партада отурган Сайнабекке күлө карады.
- А сенчи, Сайнабек? Сенин баягы 2-класста тыйын жутуп жиберип какаганыӊ эсиӊдеби? Ай, балам, ошондогу жүрөгүмдү түшүргөнүӊ… Ойлосом, азыр да коркуп кетем…
Агайдын бул сөзүнө да окуучулар “дуу” күлүштү. Чын эле, ошондо ушул Сайнабек оозуна тыйын салып ойноп отуруп, байкабай жутуп жибериптир. Бир кезде какап-чакап, көзү аӊтарылып жатып калды. Бекмурза агай желкесине койгулап, эмне кыларын билбей, айласы кеткенде, суунун өйүзүндөгү медпункутка чейин солдойтуп көтөрүп барганы, артынан класстагы бардык окуучулар уӊулдап ыйлап, чууруп ээрчип келатканы …Баары эсинде…
- Агай,- деп сөздү улантты Жыпан,- Токтор 1-класста экенинде менин артымда жашынып жеп отуруп, самсага какаганычы…
- Ооба, десеӊ,- деди күлүп Бекмурза агай,- эсимде…эсимде…
- Сабактан кийин жебейсиӊби десем болбой жеп жатканда, сиз: «Эсенов Токтор, кел доскага!» дегенде, чоочуп кетип...
Жыпандын бул сөзүнө чычалап кеттиби, Токтор анын сөзүн бөлүп жиберди:
- А сен 3 –класста экениӊде кыйынсынып бийлеп жатып, көйнөгүӊө чалынып сахнадан учуп түшкөнүӊ эсиӊдеби…Чекеӊ томуюп, бир жума сабакка келген эмессиӊ…
Бекмурза агай ал экөөнү кудум 3-класстагыдай элестетип, балдар менен бирге бала болуп, күлүп жатты…
- Агай, карасаӊыз, бу Качкынбайдын баягы эле жоругу…Азыр дагы аркама отуруп алып, чачымды партага байлап атат…-деди Ася, күлкүсүн тыя албай,- Балдар кичинекейинде кандай болсо, чоӊойгондо деле ошондой жоругу калбайт экен…
Класстагы балдар агайы менен ушинтип өткөндөгү окуяларын эстешип, жыргап күлүп жатышты… Бекмурза агайдын «акыркы сабагы» да ушинтип көӊүлдүү өтүп жатты.
- Ушундай…балдарым,- деди күлкүлөр бир аз токтоло калганда,- балалык деген ушундай кызыктуу жоруктарга, окуяларга, күлкүгө толтура болот. Анан ал бактылуу көз ирмемдер кайрылып келбейт. Мына, эми силер чоӊ турмуштун босогосун аттаганы турасыӊар. Мекен жүгү деген, турмуш жүгү деген жоӊуӊарга артылат. Ал жүктү силер жүрөксүнбөй, тайсалдабай, коркпой, жалкоолук кылбай, шалаакы болбой көтөрө билишиӊер керек, балдарым! Турмушта бала кездегидей жалкоолук, шалаакылык, ыкшоолук деген болбойт. Бирөөгө жамандык иш жасаган –чоӊ жаӊылат. Акыйкат, чынчыл, таза, ак пейил болуу керек. Жаман бирөөгө алданбай, же бирөөгө жамандык жасап, турмушуӊарга залал келтирип албай, өмүрүӊөрдү өксүтпөй, сергек болууӊар керек…
Бекмурза агай дагы да көп нерселерди айтат беле, айтор, ошол маалда Мейликан күтүүсүз мындай деп сурап калды.
- Агай, сиз мектепте дагы канча жыл иштейсиз?
Окуучусунун бул суроосуна олуттуу боло калды.
- Пенсияга чыкканыма он жыл болду.-деди ал күмүштөй чачын аяр сылап,- Дагы деле мектепти кыйып кете албай, эс алууга чыкпай жүрбөймүнбү…Эми силерди турмуш жолуна узатам да, биротоло таштайм деп турам…
- А мектептен кеткенден кийин эмне кыласыз?...
- Ким бул? А, сен сурап жатасыӊбы, Теӊге…,- деди Бекмурза агай ойлуу, -Мен эми өзүмдүн туулап-өскөн жериме кетем…
- А туулап-өскөн жериӊиз каякта?
- Менин Ысык-Көлдөн болорумду силер билбейт чыгарсыӊар, – агайынын бул сөзүн угуп, балдар таӊ калышканын жашыра алышпады,- Ооба, мен Ысыккөлдүкмүн… Пржевальск шаарынан окуумду жаӊы бүтүргөн кез эле. Токтогул ГЭСи курулуп, Кара-Көл шаарыӊар түптөлүп жаткан экен. Министрлик мени силерге иштөөгө жөнөттүп калды. Мен анда жыйырма үч жашта болчумун. Келип ушул мектепте иштей баштадым. Анда бул мектеп жаӊы гана салыныптыр. Эки жыл иштейм деп келип, бирок кеталбай, ушул жактан үй-бүлө күтүп, балалуу-чакалуу болуп, бул жер мен үчүн ак жолтой жер болуп, досторду күтүп, туулган жеримдей болуп, жашап келдим. Ошол мезгилден бери силердей канчалаган балдарга тарбия-таалим берип, акыры пенсияга чыгып, эми өз элим-жерим кайдасыӊ-деп, кеткени турган кезим… Бул жерде канчалаган окуялар баштан өттү. Кубанычтуусу да болду, кейиштүүсү да болду. Өмүрүмдүн эӊ кызык мезгилин ушул жерде өткөрдүм. Бул жерди таштап кетиш-мен үчүн оӊой болбоду. Мен башка жакка кеткенимде өз айылымды эмес, силердин ушул Кара-Көл шаарыӊарды сагынам…
Окуучулар буга чейин укпаган сөздөрдү угуп, кызыгышып, муюп отурушту. Көрсө, эч кимиси агайынын башка жактык экенин укпаптыр, билбептир…
- Агай, «эстен кеткис окуялар болду» дедиӊиз го…Кандай окуялар? Айтып берсеӊиз…-деп калды Качкынбай. Бекмурза агайы «кайсынысын айтсам» дегенсип, тунуп турду. Анын көз алдынан ушул жерде жашоо кечирген кырк жылдай мезгил агып өттү. Айтмакчы, көп эле окуялар болбоду беле. Бирок, жүрөгүнүн түпкүрүндө жүргөн, кокус эсине түшө калганда, жан дүйнөсүн аӊтарып, сыздатып жиберген бир окуя анын көӊүлүндө, көз алдында тургандай… Баары бир теӊ да, ошол окуя-бир теӊ… Ошону айтсабы…Азыр аны айтса туура болобу, болбойбу…
- Айтсаӊыз…-деп шаштыргандай сүйлөдү Ася дагы.
- Болуптур, балдарым, көӊүл түпкүрүндө жүргөн бир окуяны эстедим…Аны жөн гана бир болуп өткөн окуя катары эмес, силерге мурда-кийин чоӊ сабак болсун деп, ошол максатта айтайын…Эмесе, көӊүл төшөп угуп тургула…
…О, анда, Кетмен-Төбө жеринде чоӊ ГЭС курулуп, өзөн жердин баарын көлкүлдөгөн көл басып, адамдар туулуп-өскөн жерлерин аргасыз калтырып, тоо түптөрүнө, жаӊы жерлерге көчүп, жаӊы айылдар пайда болуп, эски айылдар суу астында калган кез. Аны көргөн көздөргө да, көөдөндөгү жүрөктөргө да көл толуп, эл аргасыз жаӊы шартка көнүп-көнө албай турган күндөр экен. Айрым кыштактар көл баскан жердин аркы өйүзүндө калып, эл менен катташа албай, же ал жердеги, салган тамын, сайган бак-шагын таштап кете албай, элден бөлүнүп калгандар да болуптур. Жаш жигит Бекмурза келген кезде августтун аягы эле. Ошол суунун өйүзүндөгү Кара-Булак айылында мектепке тартылбай калган үч үй-бүлөнүн балдары бар экен. Мугалимдердин жыйынында ушул тууралуу сөз болуп, ага барып келер бир азамат жигитти издеп калышат.
-Жаш эмеспи, бир жараса Бекмурза жарайт … -деп бак-бак этет карыя мугалим Сагындык.- Көлдүк жигит экен, көлдөн сүзүп өтүп эле таап келет балдарды…
Угуп-билип, кызыгуусу арткан Бекмурза жок дебейт. Күн сайын шашке жана бешимде аркы өйүздөн кайык минип келип тургандар тууралуу аӊыз сөздөр кызыктырып, Бекмурза эртеси жолго чыгат. Ырас эле, айткан жерге барса, бир кайык көл жээгиндеги буйуткада турган экен. Көлдүн кууш жеринин өйүз-бүйүзү эки жүз метрдей болсо да, мелтилдеген көл ары сүрдүү, ары табышмактуу көрүндү. Көл жээгинде кичинекей камыш кепе, жээкте кайык темир мамыда байлануу турат. Кепеде татынакай бир жаш кыз отурган экен. «Кайык айдаган кишинин кызы го» деген ойдо баш ийкешип учурашат да, башка ким бар деген ойдо ары-бери карайт Бекмурда.
-Саламатсызбы? Келиӊиз…-дейт кыз илбериӊки кайрылып. Бекмурза ага көӊүл коюп учурашпаганына уяла түшүп, «кайык айдаган кишиӊер кайда?”- деп сурайт кыздан. «Мен» дейт кыз чечкиндүү. «Ой сен, канча жаштасыӊ? Кайык айдаганды билесиӊби?»- деп сурайт Бекмурза. «Кайдан келатасыз? Кара-Булакка барасызбы?» «Ооба». «Кимдин үйүнө?». «Мен бул жакка жаӊы келгемин. Мугалиммин. Окууга тартылбай калган балдарды издеп келатам». Кыз: «Аа» деп баш ийкейт да, «Жүрүнүз анда» деп кайыкка карай басат. Бекмурза канчалык жүрөксүп турса да, кыздын чечкиндүү мүнөзүн баамдап, макул боло жээкке келет. Кыз кайыктын башын өйүздү көздөй чапчаӊ буруп отурат да, жигитке карайт. Жигит кыздын маӊдайына отуруп, өзүнүн Көлүндө жүргөндөй магдырап, кыздын эркине көнөт. Кыз калакты эркин шилеп, кайык шуулдап, майда тармал толкундарды артына калтырып, алга жүткүнөт.
Кыз өзүн “Жазым” деп тааныштырып, жигиттин атын сурайт. Экөө таанышып, өткөн жылдан бери ушинтип кайык айдап киши ташып акча табарын, мындан башка иши да, кылар эрмеги да жок экенин, атасы менен апасы бөбөктөрүн алып Фрунзеге көчүп кетишкенин, өзү болсо жалгыз чоӊ атасын каралап тиги өйүздө калганын, чоӊ атасы согуштун майыбы, бир буту чолок экенин, аны таштап кете албай, мектепти бүткөнүнө эки жыл болсо да, шаарга окууга да барбай жүрөнүн айтып баратты. Анан билинип калган курсагын акырын сылап, “жарым жыл мурда турмушка чыкканын, күйөөсү жазында армияга кеткенин” …кошо жобурап баратты.
Көлдүн өйүзүндөгү элден бөлүнүп калган бул айылда үч үй-бүлө бар экен. Болгондо да, ар кайсы коктуда бирден, эрбейип-сербейип, нагыз эле унутулган дүйнөдөн бетер, жомоктогудай туюлду. Кантсе да, ар кандай шылтоолорун айтып жатышып, 1-класска барар кызды жибере турган болушту. Колуна бир окуучу тийгенине сүйүнгөн Бекмурза Жазымдын үйүнө кайтып келди. Кыз чоӊ атасы менен тааныштырып, жигитти алыстан арзып чакырган асыл коногундай күтүп, курут эзип, апакай жупка менен аземдеп сыйлады. Ай ошондогу анын, бирде жай күнүндөй жадырай күлүп, бирде кандайдыр бир күчкө кысынып-кымтынып, кыйноо тартканы... Анын баарын көзүнүн кыйыгы менен карап баамдаган Бекмурзаны табышмактуу ойлорго батырды. «Турмушка чыккам, күйөөм армияга кеткен» дегени менен, анын азыркы абалы баары сырдуу, баары табышмак өӊдөнүп жатты. Анын айткан сөздөрү жалгандай, жүрөгүнүн түпкүрүндө эч кимге белгисиз кайгысы бардай, ал кайгысы муз болуп тоӊуп, ал муз көзүнүн карегинен азыр эле “мөлт” эте эрип төгүлчүдөй болуп туюлуп жатты. Маӊдайында кичинекей боюна миӊ бир сырын жашырып азап чеккен бечара кыз көрүнө берди. Аты да «Жазым» деп, кандайдыр бир сыйкыр күч «менин жазым» деп кулагына шыбырап тургансый берди. Көзүн ачса да, жумса да кыздын сүрөтү мелмилдеген көл бетинен да, көпкөк тунук асмандан көрүнүп, бир керемет сезимге кабылды…
Анан бешим ченде суу жээгине жөнөштү...
- Мен кайта да келем…-деди кетип жатып Бекмурза, кыздын жумшак, жылуу манжаларын кармап коштошуп.
- Качан келесиз?…
- Тиги балдарды алганы келем…Жакында…Жакшы тур…
- …
Кыздын унчукпай эрдин кыбыр эттире умсунуп кала бергени «күтөм» деп жаткансыган дабышсыз үнүн жеткирип кала бергенсиди...
Айткандай эле, Бекмурзаны мектеп директору кийинки жумада кайра жөнөттү. Директордун сөзүнө “жок” деген жаш мугалим кайда? Ошол замат ал шаардын четинен кыйла алыс жээкке велосидед менен эки саатта жетип келди. Жазымдын жигитти күткөнү жүзүнөн, көзүнөн, сөзүнөн билинип турду. Бекмурза болсо, «турмушка чыгып, армияга кеткен күйөөсүн күтүп, элден бөлүнгөн аралда чоӊ атасы менен жалгыз зарыгып жашап жүргөн” табышмактуу кыздын тагдырына таӊ калганын жашырбады.
- Ушундан көрө, жок дегенде, Кара-Көл шаарына көчүп келип, эл менен чогуу жашабайсыӊарбы?-деди Бекмурза.
- Атам-апамдар там салууга берилген акчаны алып, Фрунзеге кетип калышкан. Ал жерден там сатып алып, көчүп кетели дешсе, чоӊ атам болбой койгон. Согуштан аман келип көргөн тамым менен кемпиримдин сөөгүн талаага таштап кетпейм деп... Кез-кезде учурашканы келип турушат атам –апамдар.
- Эми качан келишет…
- Эми…-деп сүйлөбөй узакка туруп калды Жазым,- Эми келгенде мени, балким, көрбөй калышат…
- Эмнеге?
Кыз сөз айтуудан мурда, оор улутунуп алып, үнсүз калак шилтеп келатты. Көздөрү көгөргөн көлгө тигилди. Анан сөз айтпастан, жүзүн тетири бурду.
- Мен турмушка чыккан эмесмин...- деди ал ийини солк эте түшүп, тетири караган калыбында, - Мени жигитим алдап таштап кеткен. Боюмда бар… Азыр беш ай болду…Ушу кезде менин эч кимим жок арманымды уга турган…Эч кимим жок, арманымды айта турган. Көгөргөн көлгө айтам да, көз жашымды төгөм…Көз жашым көлгө толуп…
Кыз көз жашын төгүп да, калак шилеп да баратты.
- Ушундай күндө азаптанып жашаганча, көз көргүс жакка кетип калгым келет...Же көлгө боюму таштап, балыктарга жем болуп, изим жок жоголгум келет…
Бекмурза кыздын соӊку сөзүн угуп, чоочуп кетти.
- Ок, андай дебе да…Жазым, өз жаныӊды өзүӊ кыймак белеӊ…Андан көрөкчө, бир жакка убактылуу кетип кал да…
Балким, Ош жакка…
- Ошто мени күтүп турган ким бар дейсиз…
- Кааласаӊ…-деп барып, Бекмурза, ойлоно калды, анан сөзүн улантты,-кааласаӊ, мен сени Ысык-Көлгө алып кетейин…
- Ой, коюӊузчу! Бирөөдөн таштанды болгон жубанды эмне кылмак элеӊиз?…
- Жок…Дагы да айтам…Андай дебегин… Сен алиге жашсыӊ…Сулуусуӊ…Татынакайсыӊ … Адам бактысын каяктан келерин кайдан билет? Бактылуу болосуӊ дагы деле…
- Мен бактылуу болуудан эчак үмүтүмдү үзгөм...Мындай курулай алаксыткан сөздөргө, айрыкча, сулуу жигиттердин сөзүнө түк ишенбей калгам…
Сөз ушуну менен бүттү. Арадан бир айга жакын убакыт өттү. Бирок Жазымдын элеси, армандуу сөздөрү Бекмурзанын көӊүлүнөн кетпеди. Жүрөгүн эзип, кыйнай берди. Бир күнү кандайдыр бир күч аны көл тарапка алып жөнөдү. Баягы жээкке барды. Жазым анын келерин күтүп жүргөнсүп, көл жээгинде жүрүптүр.
- Мен сен үчүн келдим…-деди Бекмурза, учурашкан соӊ. Анан анын кадимкидей билинип калган курсагына көз кырын салып,- сени бул жактан алып кетейин деп келдим…
- Каякка алып кетесиз?-деди кыз бул ирет жарк эте күлүп,- Мени ушул кебетем менен каякка батырасыз?... Же күйөөлүү келин болуп ачыкка чыгып калсам бир жөн…
- Ошол элеби? Анда мындай кылабыз. “Менин келинчегим” деп элге тааныштырам… Болду, жүрө бересиӊ…
- Кара-Көлдөбү? Ал жерде мени тааныгандарды көргөндө дагы эмне деп калп айтасыз?…
- Анда, Ысык-Көлгө алып кетейин…
- Анан…
- Квартирага киргизип коем…Тура бересиӊ… Эмне керек болсо, жардам берип турам…Бул жакта чоӊ атаӊа кошуналар каралышып турушат…
- Анан…
- Анан, мен каникулга барганда, кал десеӊ, жаныӊда биротоло калып калам….
Кыз дагы шаӊкылдап күлүп алды да: «Жакшы кыялкеч экенсиз ээ»! деп, барып, унчукпай калды. Анан оор улутунуп, минтти:
- Ноябрь майрамында атам менен апамдар келишет…Ошого чейин мен ары же бери болушум керек…Бирок менин тагдырыма сиз түк кийлигише албайсыз. Экөөбүз таптакыр эки башка адамбыз. Сиз бактылуу адамсыз. Бактыӊыз маӊдайыӊызда жанып турат. Байкайсызбы аны? Сиз азыр мен үчүн келдиӊиз. Түшүндүм…Бирок жалганчы жигитке булганган кыздын сизге кереги эмне…
Сөз ушуну менен бүттү. Ошентсе дагы, Бекмурза кыздын абалын туура түшүнүп, «эгер макул көрсөӊ, дагы бир аптадан кийин келейин, анан сүйлөшөлү» –деди да, кайтып кетти. Арадан бир нече күн өтүп, күзгү каникул башталды. Бекмурза Жазымды көздөй шашты. Келсе, Жазым калагын шилеп, көлдүн ортосунда келатыптыр. Экөө алыстан кол булгалашып учурашышты.
- Жазы-ы-м!
- Ау-уу!
Экөөнүн сагынычтуу үндөрүн тармал толкундар бири-бирине жеткирип жаткансыды. Жазым калактарын тез-тез тартып, ашыгып, тез эле жээкке жетип келди. Экөө сагынышкан жарлардан бетер кучактарын жайып, бирин-бири сыга кучакташып, көпкө чейин ажыраша албай турушту. Анан жээк бойлоп узакка басып жүрүштү. Баарын сүйлөшүштү. Баары айтылды. Кетеринде: «Мени бир жума күт. Атаӊ менен апам келер күнгө чейин, сени алып кетем. Сөзсүз келем, мени күт!» деп, убада бекитишти.
- Макул. Мен сизге ишенейин, -деди Жазым, көздөрүнөн жалын учуп,-Мен сизди 7-ноябрь майрамына чейин үч күн бою ушул жерден күтөм.
- Убадалаштык. Уктуӊбу? Мен сөзсүз келем…Сени бул жерден алып кетем.
- Болуптур. Сизге ишенейин. Сиз - менин акыркы үмүтүмсүз. Эгер сиз дагы мени алдап кетсеӊиз, анда менин өмүрүмдүн бүткөнү…Мени көрбөй каласыз…Өзүӊүздү өмүр бою күнөөлөп, кечирбей өтөсүз…
Экөө акыркы ирет көрүшкөнсүп, узакка коштошо албай турушту…
Бекмурза убадалашкан күнү келе албады. Айылына барса, атасы катуу ооруп, төшөктө экен.Бекмурзаны гана күтүп жаткансып, доктурга жеткирген түнү ары карап кете берди. Үч түнөтүп сөөгүн коюп, үчүлүгү менен жетилигин өткөргүчө, анан кара жамынган апасынан уруксат алып жолго чыкканча бир канча убакыт өттү. Ошентип, ал эртеӊ 7си болот деген күнү түш ченде Кара-Көл шаарына келди. Келип эле, шашып баягы убадалашкан жээкке жетти. Жетип келсе, топурап беш-алты киши жээк бойлоп жүрүшүптүр. Издеген кайыгы турат, бирок Жазым көрүнбөйт. Келип эле, тиги жүргөн жигиттерден Жазымды сурады.
- Силер бул жерден Жазымды көрдүӊөрбү? - деди шашып.
- “Жазымды”…Сен кимиси болосуӊ?
- Менби?...Мен жигити болом…
- «Жигити»…? А-а, жанагы алам деп алдап коюп таштап кеткен жигити сенсиӊби? «Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп» кайда жүрдүӊ байкеси? Акыры келдиӊби темселеп…Мына сага…Ме…
Күрсүйгөн үрпөк чач кара неме Бекмурзаны камынтпай тумшукка уруп жиберди. Байкабай турган Бекмурза чалкасынан кетти. Тигиге кошулуп, дагы эки жигит колу-буту жеткен жерине койгулап, тепкилеп, заматта теридей ийлеп жиберишти.
- Мен ал жигит эмесмин…Башкамын…
- Келгиле, балдар, муну канга –кан деп, ким көрдү кылып таштайлы-деди бирөө, Бекмурзанын сөздөрүнө кулак кагып койбой, - Жаш кызды алдап, шылдыӊдап таштап кеткен кандай экенин билсин…
- Андан көрөкчө, колу-бутун байлап суура бастырып таштайлы..-деди дагы бирөө…
Бекмурзанын жалынганына көнбөдү, сөзүн угуп коюшпады…
Алар Бекмурзаны дагы бир ирет тепкилешти да, эси оогондо жээкке таштап кетип калышты…
…Ошол окуя азыр болуп жаткансып, Бекмурза агай, үнү каргылданып барып, көзүн жүз арчысы менен аарчып токтоду.
- Ушундай болгон, балдарым,-деди ал сөзүн жыйынтыктап,- Көрсө, ал мени күтүп, үч күн бою жээкте жүрүптүр. Үчүнчү күнү бороон болуп, көл толкуп турганына карабай, кайыкка жалгыз отуруп өйүзгө жөнөгөн экен. Балким, өзү деле өлүмдү беттеп жөнөсө керек го... Толкунда кайык аӊтарылып кетип, Жазым сууга чөгүп, дайынсыз жок болуптур. Карап тургандар ал күнү жардам бере алышпай, эртеси гана суучулдарды топтоп келиптир. Бирок анын денесин издеп таба алышпаптыр... Ошентип, Жазымдын өмүрүн сактай албай, арманда калгамын, балдарым...Бул менин жашоомдогу эӊ кайгылуу окуя болуп эсимде калды. Мени күтпөй, «бул дагы мени алдады» деп ойлоп, ата-энем менин ушул кебетемди көргөнчө өлгөнүм артык деп, өз жанын кыйып кете бериптир. Ошондогу кечиккенимдин себебин өмүр бою кайталап айтып, өмүр бою андан кечирим сурап келдим…Өзүм үчүн, анын курсагындагы бейкүнөө наристе үчүн... Бирок алар мени кечирдиби, кечирбедиби, билбедим…
- Агай, эгер Жазым өлбөй калганда эмне кылмак элеӊиз? - деди Жыпан.
- Эгер ал менин айтканыма көнсө, балким, үйлөнмөкпүз…Үйлөнбөгөн күндө да, ага эмне жардам керек болсо бермекмин, эмне шарт болсо түзүп берүүгө даяр элем…Аны бактылуу кылуу үчүн мен бардыгын жасаар элем…
- Ал кызды алам десеӊиз апаӊыз эмне дээр эле?
- Мен апама түшүндүрмөкмүн…Баарын айтмакмын…
Оор тыным класс ичин уютуп салды.
- Агай, сиз ал кызды чын эле сүйүп калдыӊыз беле?-Качкынбайдын бул суроосу агайын бийик жарга такап койду.
- Мен ал кезде жаш жигит элем. Бой элем. Үйлөнөр кезим да болчу. Жазым да сулуу, татынакай кыз экен. Болгону-жанагыдай абалда кездештик. Чынымды айтсам, аны сүйүү сезиминен мурда, аео сезими-менин жүрөгүмдү биринчи ээлеп алган болчу…
Анан сөзүн дагы улантты:
- Мен бул окуя тууралуу ушул күнгө чейин эч кимге ооз ачкан эмес элем. Силерге гана айттым. Силерге сабак болсун деп айттым, балдарым, кыздарым…
Бекмурза агайдын «сабагы» аяктап баратты…Сабак аяктаганын билгизип, коӊгуроо кагылды. Бардыгы оор улутунушуп, бир азаптуу нерседен кутулгандай, жеӊилдей түшүштү. Дал ошол маалда, дабал жакта отурган Ороз сөзүм бар дегендей колун көтөрдү.
- Агай, -деди ал мукактанып,- мен сизден кечирим сурайын деп, сурай албай келатам. Кечирип коюуӊузчу…
- Бүгүн баары кечирилет, балам. Кечиримдүү болгон жакшы. Бирок эмне үчүн сурап жатасыӊ…
- Эсиӊиздедир, 2-класста окуп жатканда, мен Сайнабектин эӊке сакасын уурдап алганымды сизге айтып, сиз класстагы эркек балдардын баарын доскага тизип, көзүбүздү жумдуруп, китепкаптарыбызды тинтип жатып, меникинен таап алгансыз. Ошондо уялганымдан кечирим сурай албай...
- Аа, ошол сен белеӊ?-деди күлүп, билмексен боло Бекмурза агайы, - мен кыт куйган эӊке саканы уурдаган бала сен экениӊди билген эмесмин…
- Кантип эле?-деди Ороз кайра.
- Ошентип эле… Окуткан окуучуларымдын кимиси ууру экенин билбей калайын деп, мен дагы көзүмдү жуумп алып текшергемин да…
Ошентти да, Бекмурза агай күлүп жиберди. Ага кошулуп, класстагы окуучулардын баары күлүп калышты. Ороз болсо, партасынан туруп келип, агайын кучактады.
- Рахмат, агайым,- деди ал көздөрүн жашылдантып…
Бекмурза агай Токторду ийнинен кучактай кармаган боюнча окуучуларынын маӊдайында туруп, сөзүн жыйынтыктады:
- Мына, урматтуу окуучуларым, бүгүнкү акыркы сабагыбыз ушуну менен аяктады. Билсеӊер,балдарым, сабак мен үчүн аяктады. А силер үчүн жаӊы башталды. Ал -турмуш сабагы. Мектептеги сабак бүтөт, а турмуш сабагы-бүтпөйт. Дептердеги кетирген каталыктар оӊдолот, а турмуштагы кетирген каталыктар оӊдолбойт. Силердин дептериӊердеги каталарыӊарды мен оӊдоп келдим. А мындан ары турмушуӊардан каталык кетирсеӊер, аны эч ким оӊдой албайт. Ошон үчүн ката кетиргенден сак болгула. Жаш кезимде башымдан өткөргөн жанагы окуяны силерге эмне үчүн айтып бергенимди эстей жүргүлө…
Анан Бекмурза агай сабак бүткөнүн билгизип, башын өйдө көтөрдү. Окуучулар жапырт орундарынан турушту.
- Анда эмесе, саламатта болгула, балдарым! Силерге ак жол калайм!
Ошентти да, Бекмурза агай окуучуларынын алдында өзүн жеӊил сезип, бир улуу милдеттен кутулгандай, эшикке карай жеӊил кадам шилтеди.
- Саламатта болуӊуз, агай!...
Сулайман Рысбаев
10-14-ноябрь, 2020-ж. Ак-Өргө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн