Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 08:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Акыйкатчы карындашын коргоп ок чыгарган адамды психологиялык экспертизадан өткөрүүнү сунуштады

02.07.2022 14:20
542
Акыйкатчы карындашын коргоп ок чыгарган адамды психологиялык экспертизадан өткөрүүнү сунуштады


Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова ок чыгарган адамды психологиялык экспертизадан өткөрүүнү Ички иштер министрлигине сунуштады. Бул тууралуу омбудсмен Фейсбуктагы баракчасына жазып, карындашын коргоо максатында ага кол көтөргөн адамды атып салган шектүүнүн иши көзөмөлүндө болорун кабарлаган.

Белгилей кетсек, 1-июлда Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында 47 жаштагы эркек ок тийип, “Тез жардам” барганча каза болгон.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ок чыгарган адам карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну травматикалык тапанча менен атып салган.

Милициянын версиясына ылайык, 1-июлда эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин бараткан жерине жетип алуу үчүн аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Машинанын айдоочусу тийишкени үчүн келин агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок айдоочу артынан барып, күч колдонуп, чачынан сүйрөп, сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы барып калып, ок чыгарган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде каттоого алынып, 36 жаштагы шектүү Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн