Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:47
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Акыйкатчынын өкүлдөрү республикалык тестирлөөгө мониторинг кылууда (фото)

22.06.2020 08:34
1251
Акыйкатчынын өкүлдөрү республикалык тестирлөөгө мониторинг кылууда (фото)



Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана региондук өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери Бишкек шаарында жана региондордо республикалык тестирлөөгө мониторинг кылышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.  

 

Мониторинг 21-июндан 25-июнга чейин жүрөт.

 

Маалыматка ылайык, Акыйкатчынын өкүлдөрү жыл сайын тесттин жүрүшүн көзөмөлдөп келишет. Быйыл байкоочуларга бүтүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо, тестирлөө процессинде ачыктыктын жана объективдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуудан тышкары, өзгөчө тапшырма бар. Алар жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө CoViD-19 пандемиясынын учурунда коопсуздук чараларына байланыштуу билим берүү мекемелериндеги санитардык-карантиндик стандарттардын сакталышын да көзөмөлдөшөт.

 

Белгилей кетсек, быйыл 117 тестирлөө борбору уюштурулуп, тестирлөөгө катталгандардын саны 41727 бүтүрүүчүнү түзгөн.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн