Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Акыйкатты тааны, ал сени эркиндикке чыгарат

07.12.2023 10:08
270
Акыйкатты тааны, ал сени эркиндикке чыгарат


Башкалар менин эркин өлкөмөн бирдекелерди үйрөнүшү үчүн мен өлкөм эркин болушун каалайм. 

(Махатма Ганди)


Эркиндик деген эмне? Таза абийир. 

(Периандр)


Чыныгы эркиндик – бул эчтекең жок болгону. Чөнтөгүмдө бир цент да акчам жок кезимде мен кыйла эркин болчумун. 

(Майк Тайсон)


Элдин баары эркин болмоюнча эч ким эркин боло албайт. 

(Герберт Спенсер)


Бумерангдардын көбү кайра кайтып келишпейт. Эркин болгулары келишет. 

(Станислав Ежи Лец)


Адам кул болгон себеби, эркиндик оор, кулчулук болсо жеңил. 

(Николай Бердяев)


Өмүр бою коркуп жашаган кишини мен эркин катары эсептебейм. 

(Гораций)


Ой эркин болмоюнча, сөз эркин болгону жарабайт. 

(Станислав Ежи Лец)


Эркиндик – бул мыйзам уруксат бергенди жасоо укугу.

(Шарль Луи Монтескье)


Өзүн башкара алган киши гана эркин. 

(Иоганн Фридрих Шиллер)


Аял күң болсо, эркек эркин болушу мүмкүнбү?

(Белгисиз автор)


Эркиндик – бул башкаларга зыян келтирбеген нерселерди жасоо укугу. 

(М.Клаудиус)


Аялдар канчалык эркин болгонго умтулган сайын ошончолук бактысыз болушат. 

(Бриджит Бордо)


Эркиндиктин чеги жоктугубу, же чектен чыккандыктын эркиндигиби?

(Константин Кушнер)


Мыйзамга гана көз каранды болсоң, эркиндик деген ошол. 

(Вольтер)


Чынжыр кармаган киши чынжырга байланган кишиге караганда эркин деле эмес. 

(Пьер Буаст)


Түркөйлүк – кулчулук, билим – эркиндик. 

(Пьер Жан Беранже)


Калп айтпаганга шарты бар киши эркин. 

(Альбер Камю)


Келесоолор гана өзүмбилемдикти эркиндик деп ойлошот. 

(Публий Корнелий Тацит)


Эң чоң кулчулук – бул эркин болбосо да өзүн эркин сезгендик. 

(Иоганн Вольфганг Гёте)


Чектен чыккандыкты эркиндиктен ажыратыш керек. 

(Константин Кушнер)


Тизелеп бифштекс жегенден көрө, тик туруп чөп жеген жакшы. 

(Никарагуа накылы)


Эркиндикти сүйүү – бул элди сүйүү; бийликти сүйүү – бул өзүн өзү сүйүү. 

(Уильям Хэзлитт)


Эркин кишилер гана чынжырдын салмагы канчалык оор экенин сезишет. 

(Жорж Вольфром)


Бийлик – карыз, эркиндик – жоопкерчилик. 

(Мария фон Эбнер-Эшенбах)


Биз абийир эркиндигин адатта абийирден эркин болуу катары түшүнөбүз. 

(Василий Ключевский)


Эркиндиктин өзүнүн чек арасы болууга тийиш. 

(Станислав Ежи Лец)


Кээ бирөөлөр үчүн эркиндик – бул каалаганыңды жасоо укугу болсо, көпчүлүк үчүн өзүң каалабаганды жасабоо укугу. 

(Эрик Хоффер)


Мыйзам жок жерде эркиндик деле жок. 

(Джон Локк)


Айтар сөзү жок кишиге сөз эркиндигинин эмне кереги бар?

(Константин Кушнер)


Эркиндикке ээ болуш үчүн эркиндикти чектеш керек. 

(Эдмунд Бёрк)


Эркиндикке чаңкаган адам билимдин чокусун багындырышы зарыл. 

(П.Робсон)


Акыйкатты тааны, ал сени эркиндикке чыгарат. 

(Сергей Николаевич Булгаков)


Капастагы куш – куш деле эмес. 

(Генри Уорд Бичер)


Кул “эркиндикке чыксам экен” деп кыялданбай, “өзүмдүн кулдарым болсо” деп кыялданат. 

(Борис Юзефович Крутиер)


Тартип – бул эркиндикти чектөө эмес, мыйзамсыз иштерге жол бербөө. 

(Брюс Ли)


Адамдын бактысы эркиндик менен тартиптин ортосунда. 

(Иван Петрович Павлов)


Жаа жебени жиберип жатып минтип шыбырайт: “Сенин эркиндигиң – менин да эркиндигим”. 

(Рабиндранат Тагор)


Эркиндик, сен менде жаралган ойлорун эң мыктысысың. 

(Зинаида Николаевна Гиппиус)


Нике – эркек менен аялдын ортосундагы таймаш, ким жеңсе, ошол эркиндикке ээ болот. 

(Оноре де Бальзак)


Эркин болуу – жөн гана кишенден арылуу эмес, башкалардын да эркиндигин сыйлап жашоо. 

(Нельсон Мандела)


Өзүңдү башкарууга жетишпей туруп, эркиндикке жетишүү мүмкүн эмес. 

(Эпиктет)


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн