Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Акматов: Жанар Акаевди өкмөт башчылыкка сунуштоо – бул Текебаевдин популисттик билдирүүсү

12.06.2020 15:51
1501
Акматов: Жанар Акаевди өкмөт башчылыкка сунуштоо – бул  Текебаевдин популисттик билдирүүсү


Жанар Акаевди өкмөт башчылыкка сунуштоо – бул  Текебаевдин популисттик билдирүүсү. Мындай пикирин эксперт, журналист Айданбек Акматов “Ачык Саясат” гезитине берген маегинде билдирген.


“Бул Текебаевдин популисттик билдирүүсү. Жанар Акаев жакшы депутат болду. Бирок өкмөт башчылык ишке даярбы? Экономикада, финансыда даярдыгы кандай? Күнүмдүк окуяларга пикир билдирип, активдүү депутат болуу бир жөн, өкмөттүн ишин ийгиликтүү алып кетүү башка иш. Албетте, биздин шартта кимди кайсы кызматка койбо, күн өтө берет. Мамлекеттин арабасы кылдырамыш боло берет. Бирок анын акыбети кандай болот? Мына ушундай жоопкерсиз саясаттын айынан экономикабыз азыркы абалга келди го? Буларды ойлойбузбу же популизм менен жан бага беребизби?”, - дейт ал.


Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында куралган “Жаңы Дем” альянсын шайлоодо Жанар Акаев жетектеп, фракция көпчүлүк коалицияга кирсе, анда Жанар Акаев төрагалыкка, же премьер-министрлик кызматка ат салыша турганын маалымдаган. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Жарайт деп ойлойм Жанарды. Бизге азыр чынчыл Адам келсе болгону. Каруппсия менен курош жургусок эн биринчи кезекте. Башкасы женил болот