Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өмүрбек Текебаев: Жанар Акаев спикер же премьер-министр болот

08.06.2020 13:33
3760
Өмүрбек Текебаев: Жанар Акаев спикер же премьер-министр болот


“Жаңы Дем” бул – кокустан түзүлгөн альянс эмес. Ал мурда эле ойлонулган тарыхый жана идеологиялык мааниси бар кыймыл, деп билдирди “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, “Жаңы Дем” альянсынын түзүүчүлөрүнүн бири Өмүрбек Текебаев 24.kg агенттигине берген маегинде.


Анын айтымында, учурда коомчулук үчүн биригүү маанилүү болуп турат. “Бүгүнкү күндө биз бардыгыбыз туура кадамдарды аныктап, өлкөнүн өнүгүшү үчүн бардык күчүбүздү бириктирүүбүз керек. Биринчи колго алууга татыксыз болгон майда-чүйдө маселелер, талаш-тартыштар менен баш оорутууга жол бербей, жеке амбициядан алыс болуу шарт”, - деди ал.  


Өмүрбек Текебаев билдиргендей, республика боюнча социалдык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында алтынчы чакырылыштын мыкты депутаттары катары Жанар Акаевди, Наталья Никитенкону, Рыскелди Момбековду санашкан. Муну менен катар эл Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында жаңы жүздөрдү көргүлөрү келгенин айтышкан.


Бирок альянска киргендердин ичинен Темир Сариев менен сизди жаңы жүз деп айтууга болбойт да?” деген суроого Текебаев: “Бир жылга жакындап калды, менин ишим боюнча сот созулуп жатат, мындай сүйрөлүү өз ара саясий жасалмалуулукка ээ. Менин жана Чотоновдун парламентке баруубузду каалабаган күчтөр жок эмес деп айта албайм. Ошондуктан парламентарийлердин тизмесинде мен боломбу же жокпу азырынча белгисиз”, - деп белгилеген Текебаев саясатта жаңы жүз менен экски жүздөрдүн ортосунда баланс болушу зарылдыгын жана жаштарга тажрыйба керектигин белгиледи.


Анын айтымында, шайлоо кампаниясынын алдында Жанар Акаев лидер болот. Парламентке өткөндө дагы фракция лидерлигине көрсөтүлөт. “Эгерде биздин фракция көпчүлүк коалицияга кирсе , анда Жанар Акаев төрагалыкка же балким премьер-министрлик кызматка ат салышат”, - деп айтты Текебаев.



Анын айтуусунда, фракциядагы бардык негизги орундарды жаштар ээлейт. Лидерлик мураска калтырылбайт. Лидер процесс учурунда жаралат, лидер деген күрөш учурунда пайда болот”, - деп кошумчалады саясатчы. 

Пикирлер (10)

Коопсуздук коду
Мойдинов Каныбек Тажидинович
Жакшы жаңы дем, жаңы жүз менен шайлоодо жеңип чыгуунун жарды жараткандан сураналы
Нурлан
Колдойбуз
Аза
Колдойбус.
Камбар
Баары бир АЛЛАХЫМДЫН колунда!!!
Кыргыз