Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 8-май күнү ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуя учурунда жаракат алып, ооруканага жаткырылган аскер кызматкерлеринен кабар алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, вице-премьер-министрге жапа
чеккендердин саламаттыгы тууралуу айтып беришти.
Акрам Мадумаров аскерлерге
сакайып, күч-кубатын калыбына келтирүүнү каалап өттү, ошону менен бирге аларга
мамлекет тарабынан тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн