Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Аксыда 2 миң гектар жерди чегиртке каптады

10.05.2022 17:23
1835
Аксыда 2 миң гектар жерди чегиртке каптады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарынын айланасын, Жерге-Тал, Кашка-Суу айыл өкмөттөрүндө айдоо жерлерди массалык түрдө зыянкеч саранчалар каптады. Бул тууралуу райондогу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу жергиликтүү маалымат каражаттарынп  билдирди.


Анын айтымында, учурда зыянкечтерден арылуу максатында иш-чаралар көрүлүп жатат.


"Бизде чегиртке каптаганы бир аптадан ашык убакыт болду. Кербендин Ак-Терек, Аксынын Кашка-Суу тилкелеринде 20 жыл мурун чегирткелер массалык түрдө айдоо талааларын каптаган учур болуп, анда учактар менен дары чачылган экен. Айыл чарба департаментинен өкүл келип, аталган чегирткелер марокко саранчасы экени аныктады. Тиешелүү кызматтарга билдирме жөнөтүлдү. Бизге дары чачкан 2 унаа берилген. Бүгүнкү күндө Кербен шаарынын айланасында 800 гектар жер дарыланып бүттү. Кашка-Сууда 3 гектар жерге дары чачылды. Калган бөлүгүн дарылоо улантылат. Чачылган дарылар эффективдүү болгон себептүү, 2-3 сааттан кийин зыянкечтер жок болууда", - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.


Аталган жерлерде айыл элинин үлүштүк жери. Анда тургундары беде, эсперцет сыяктуу көп жылдык чөп эгишкен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн