Учтун айы 14, 2025
Убакыт: 01:33
USD
87.30
87.80
EUR
89.10
90.10
RUB
0.840
0.890

Аксыда күйөөсүнүн ур-токмогунан 51 жаштагы аял ооруканада каза болду

Аксыда күйөөсүнүн ур-токмогунан 51 жаштагы аял ооруканада каза болду


Аксыда ур-токмоктон 51 жаштагы аял ооруканада каза болуп калганын Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-январга караган түнү саат 1:40тар чамасында Үч-Коргон айылынын 51 жаштагы тургуну көгала, эси оогон абалда ооруканага түшкөн.


"Тергөөнүн жүрүшүндө тез жардам М.А. аттуу аялды мээсине кан куюлду деген диагноз менен терапияга жаткырганы аныкталган. 10-январь күнү саат 9:22лер чамасында ал каза болуп калган. Маркумдун агасы арыз менен кайрылып, карындашынын жолдошуна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган", — деп айтылат маалыматта.


Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен иш козголуп, шектүү катары Аксы районунун 51 жаштагы О.Д. аттуу тургуну (маркумдун жолдошу) кармалганы кошумчаланды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн