Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Аксыда сел агызып кеткен 3 жана 6 жаштагы бала табыла элек

Аксыда сел агызып кеткен 3 жана 6 жаштагы бала табыла элек



12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол а/а, Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Таштак айылында 2016-ж.т. К.А. аттуу баланы, Ак-Жол а/а, Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп, 2018-ж.т. Т.Ф. аттуу кызды агызып кеткен. 


Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган. 

Жогоруда аталган кыз менен бала дайынсыз болууда.


Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө издөө-куткаруу отрядынынан 20 куткаруучу, Аксы райондук №70 ӨКБдан 6 куткаруучу, РИИБден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган. 

Издөө иштери уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн