Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты

04.10.2023 09:41
557
Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Азия оюндарына кыргызстандык спортчу 4/1 финалдан тарта катышып, 77 кг салмак ченинде беттешүүдө.

Акжол Махмудов алгачкы атаандашы камбоджиялыка Софака Кени 33 секунданын ичинде далысын жерге басып, 4:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда кыргыз балбаны казакстандык спортчу Азат Сыдыков менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн