Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ала-Белде күйүп кеткен май ташуучу унаада каза болгон айдоочунун өздүгү такталды

13.08.2020 10:01
892
Ала-Белде күйүп кеткен май ташуучу унаада каза болгон айдоочунун өздүгү такталды


Токтогул районуна караштуу Ала-Бел ашуусунда күйүп кеткен май ташуучу унаанын каза болгон айдоочусу 51 жашта болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, БишкекОш унаа жолунун 209-чакырымында (Молдобайдын төрү тилкеси) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сайга кулап түшүп, күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 1969-жылы туулган айдоочусу каза болгон.


5 куткаруучу тартылып, айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Ошондой эле, БишкекОш унаа жолунун 239 чакырымында (Чычкан капчыгайында) DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын цистернасы 26 тонна күйүүчү майы менен жана 1,5 гектар куураган чөп күйгөн.


Белгилей кетсек, 12-август күнү Ала-Бел ашуусунда май ташуучу унаа өрттөнүп, айдоочу каза болгону жана Чычкан капчыгайында дагы бир май ташуучу унаа өрттөнүп кеткени айтылган.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн