Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот

25.03.2023 22:40
407
Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот

Ала-Бука-Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Данияр Абдыбеков билдирди. 


Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барды. Жумушчу сапарынын алкагында мекеме жетекчиси Ала-Бука-Чаткал унаа жолунун абалы менен таанышып, Президенттин колдоосу менен аталган автожолду асфальттоо каралганын, иш жакынкы арада башталарын билдирди. Белгилей кетсек, Ала-Бука-Чаткал унаа жолу совет мезгилинен бери оңдолгон эмес. 


Мындан тышкары, министр Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттары жана аймакты тейлеген жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Таш-Көмүр-Ак-Суу-Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышып келди. 


Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Tynchtykbek
Ала-Бука Касан-Сай ( Кош-Терек, Ызар, Кош-Алмурут, Баймак аркылуу откон чон жол) жолу да совет мезгилинен бери жасалган эмес, бугунку кунго чейин шайлаган депуттарыбыз парламентте ооз ачкан эмес