Жалган курандын 12, 2025
Убакыт: 07:40
USD
87.30
87.80
EUR
94.80
95.80
RUB
1.000
1.040

Ала-Букада Чанач-Сай сезондук жөнгө салуу бассейнин курууга каражат бөлүнүп, тендер жарыяланды, - депутат

11.03.2025 12:22
51
Ала-Букада Чанач-Сай сезондук жөнгө салуу бассейнин курууга каражат бөлүнүп, тендер жарыяланды, - депутат


Ала-Бука районундагы Чанач-Сай сезондук жөнгө салуу бассейнинин (СЖБ) экинчи этабын курууга республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен тиешелүү акча каражаты бөлүнүп, тендер жарыяланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, долбоор 2017-жылы мамлекеттик программага киргизилген. Эл өкүлү курулуш иштери ишке ашаарда ага автор болуп чыга калгандарга нааразы болуп, долбоордун тарыхы тууралуу айтып берди.


"Мындай татаал ирригациялык курулмалар 1-2 жылда эле долбоору даярдалып, курулуп калбайт экен. Анын канчалык маанилүү экендигин тиешелүү жетекчиликтерге жеткирип, аны атайын программага киргизүү аракеттери эле бир топ убакытты алат. Ал эми Чанач-Сай СЖБнын экинчи этабын куруу долбоору 2017-жылы эле мамлекеттик программага киргизилген. Ал убакта азыр автор болуп жаткандар кайда эле?


2017-жылдын 21-июлунда КР Өкмөтүнүн №440 Токтому менен “2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы” бекитилген. Ага жалпы республика боюнча 44 жаңы объект киргизилсе, анын үчөө Ала-Бука районунан болгон. Алар: Чанач-Сай сезондук жөнгө салуу бассейнинин экинчи этабын куруу, Сумсар-Сай суу сактагычын куруу жана Орток-Бел массивине суу келүүчү каналдын курулушу болгон.


2018-2019-жылдары “Түштүксуудолбоор” долбоорлоо ишканасы Чанач-Сай сезондук жөнгө салуу бассейнинин экинчи этабынын долбоорун даярдап, 2020-жылы тендер жарыялап, курулуш иштери башталмакчы болгон. Бирок, ошол жылы дүйнө мамлекеттеринин эсин эки кылган “Ковид-19” илдети чыгып, курулуш иштери башталбай калган.


Андан кийин да бул маселени кайра-кайра тиешелүү жетекчиликтерге жеткирип турдум. Ырасын айтканда, учурда КР Министрлер кабинети ирригацияга жакшы көңүл бурууда. Өткөн жылы эле Чанач-Сай суу сактагычына Министрлер кабинети акча каражатын бөлүп, тендер жарыяланган. Бирок, куруучу компаниялар катышпай калгандыктан, иш башталган эмес. Эми бул жылы тендер кайрадан жарыяланды. Чанач-Сай СЖБнын экинчи этабын куруу үчүн 1 млрд сомго жакын акча каражаты каралды. Куруу мөөнөтү – 2025-2028-жылдар аралыгы. Акча каражаты этап-этап менен бөлүнүп берилет. Иштин башталышы үчүн 2025-жылга 100 миллион сом каралган. Калган акча каражаттарынын да өз убагында которулуп, иштин үзгүлтүккө учурабай жүрүшүн камсыздап туруу өтө маанилүү. Бул долбоор аяктап, ишке кирсе, суу жетпей турган 2800 гектарга чукул айдоо аянттарынын суу маселеси чечилет.


Мындан тышкары, учурда “Кыргызсуудолбоор” долбоорлоо ишканасы Сумсар-Сай суу сактагычынын, “Түштүксуудолбоор” ишканасы Орток-Бел массивине суу алып келүүчү каналдын курулуш долбоорун жасап жатканын да маалымдап койгум келет", - деп билдирди депутат Турсунбаев.


Ошондой эле эл өкүлү ушундай аракеттерди колдоого алганы үчүн өлкө жетекчилигине, анан дагы айыл-чарба тармагын көзөмөлдөгөн КР Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Эргешевичке терең ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн