Теке 28, 2025
Убакыт: 03:10
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Ала-Букада сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда

Ала-Букада сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө уланууда

Ала-Бука районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 13-июль күнү Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунда Касан-Сай дарыясына 2014-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Өзбекстан Республикасынын аймагында Өзбекстан Республикасынын куткаруучулары тарабынан издөө иш-чарлары жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. 


Касан-Сай дарыясы Биринчи Май айыл аймагынын Жаңы-Шаар жана Айры-Там айылдарын аралап өткөн Чүст каналына куйгандыгына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Наманган облустук башкармалыгынын башчысы издеп берүү каты менен кайрылган.


 15-июль күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн