Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:05
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ала-Букадагы айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдарына карата кылмыш иштери козголду

17.09.2024 17:24
122
Ала-Букадагы айыл өкмөттөрдүн кызмат адамдарына карата кылмыш иштери козголду


Көк-Таш жана Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан аталган айылдын аткаминерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 10 кылмыш ишин козгоп, тергөө райондук ИИБге тапшырылган.


"Аталган айыл өкмөттөрдүн аткаминерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыл аймактардагы парктын, бала бакчанын, оорукананын, таштанды полигондун жана жолдордун курулушу аяктаганга чейин эле подрядчылардын эсебине акча которуп жиберишкен. Натыйжада мамлекетке жалпысынан 56 миллион 107 миң 652 сом материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.


Прокуратурадан келтирилген зыяндын 11 миллион 24 миң 973 сому мамлекетке кайтарылганын кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн