Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:01
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

10.04.2021 16:09
815
Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

9-апрелде УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте, мурда алынган каражатты пара катарында кайтарып жаткан жеринен Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү милициянын ага лейтенанты Д.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ага лейтенант М.у.Т. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 200 АКШ долларын талап кылган. Андан кийин опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн тергөө органдарынын өкүлдөрү аталган М.у.Т. аттуу жаранга 1500 АКШ долларын кайтарып беришкен. Калган 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты Д.Б. кармалды.


Аталган материал Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн