Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 14:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Алайда дарыгерлер үчүн 20 батирлүү заманбап жатакана пайдаланууга берилди

24.04.2025 10:58
23
Алайда дарыгерлер үчүн 20 батирлүү заманбап жатакана пайдаланууга берилди


Алай райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 20 батирлүү жатаканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, район акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты.


Облус жетекчиси жатакананын ички шарттары менен таанышып, ак халатчандарды жаңы турак жайлуу болушу менен куттуктады. Ал бул демилге жаш дарыгерлерди аймакка тартууга жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.


1977-жылы курулган бул имарат мурда оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү катары кызмат кылып келген. 2021-жылдан тарта колдонууга жараксыз болуп калгандыктан, аны заманбап жатаканага айлантуу чечими кабыл алынган. Оңдоп-түзөө иштерине Ош облустук өнүктүрүү фондунан 6 млн 660 миң сом, ал эми Алай ЖДПБнын бюджетинен да кошум каражат бөлүнүп, жалпы 7 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.


Жатаканада:

  • 1 бөлмөлүү 12 батир;
  • 2 бөлмөлүү 4 батир;
  • 3 бөлмөлүү 3 батир;
  • 1 балдар ойноочу бөлмө;
  • 4 санитардык бөлмө;
  • 2 тамактануучу бөлмө бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн