Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:26
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Алдамчылыкка шектелип 10 жылдан бери Россияда качып жүргөн айым кармалды

28.07.2020 09:38
707
Алдамчылыкка шектелип 10 жылдан бери Россияда качып жүргөн айым кармалды


КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын укук коргоо органдарынан изин жашырып, Россиянын аймагында издөөдө жүргөн жарандарды кармоо боюнча иштерди улантып жатат.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өкүлчүлүк Москванын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран  аныкталды. Ал Баткен облусунун 1970-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну болуп чыгып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (ири көлөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Баткен шаардык ИИБ тарабынан издөөдө жүргөн.


Жогоруда аты аталган жаранды Кыргызстандын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Россиядагы Кыргызстандын Элчилиги менен биргеликте “Москва-Бишкек” каттамы боюнча жөнөтүү маселелери чечилген.


Азыркы учурда бул жаран издөө алган тарапка өткөрүлүп берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн