Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Алданбагын, алдабагын бирөөнү, А балким, анын жоктур күнөөсү

21.01.2021 22:15
802
Алданбагын, алдабагын бирөөнү,  А балким, анын жоктур күнөөсү


Адам.......


Аскага жаз, зоого жаз атыңды,

Андан пайда таппассың акыры.


Андан көрө тирүүлүгүн бар чакта,

Арбын эмгек жаса, Эли- Журтуңа.


Алданбагын, алдабагын бирөөнү,

А балким, анын жоктур күнөөсү.


Ар кимге эле, жок чатакты баштаба,

Арман кылып, кийин башты кармаба.


Алла сени жараткан жок бекерден,

Ага ини күтөт, сени албан эмгектен.


Атаң менен Энеңди терең урматта,

Аларсыз сен келбейт элең турмушка.


Айта берсе, сонун кептер табылар...

Акылыңа керектүүсүн тандап ал.


Алтын күмүш жыйнап алып өзүңө,

Алып кете албасыңды бил көрүңө.


Атаң кандай сөз айтпасын аткаргын!

Ата болсоң, балаң сөзүңдү аткарсын.


Ар жерлерде жүрө бербей жөн эле,

Адал иш, ак эмгек менен төрдү ээле.


Ар намысты бекем карма өзүңө,

Ар дайым бекем бол, убада сөзүңө.


Ардакталып сый урматка жеткиче,

Ак эмгекти тынбай жаса, Элиңе.


Апаң айткан ар бир сөздү тыңдап ук.

Апа жактан келет бардык улуулук.


А тамгадан баштайынчы деп айттым,

Акылдуулар жаттап алар кеп айттым.


Асан Турсункулов. 21.01.2021.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн