Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Алдыдагы майрамдарга карата Ош облусунун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди

29.12.2023 23:03
713
Алдыдагы майрамдарга карата Ош облусунун жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди


Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаевдин төрагалыгы алдында келе жаткан майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жыйын өттү. 


Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жыйында 2023-жылдын 30-31-декабрынан 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин облустун аймагында коомдук тартипти, тазалыкты сактоо, өрт жана башка кырсыктарды алдын алуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатындагы иш-чараларды координациялоо талкууланды.


Жыйынтыгында облус жетекчилерине төмөнкү багыттар боюнча протоколдук тапшырмалар берилди:


- Кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизмдин, терроризмдин жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коомчулук менен биргеликте ишин күчөтүү.

- Жаңы жылдык жана майрамдык иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу.

- Ири соода түйүндөрүндө, базарларда, мекемелерде, мектептерде, ооруканаларда, бала бакчаларда өрткө каршы иш-чараларды такай жүргүзүү.

- Облус аймагындагы мейманканаларда, сауналарда жана турак жайлардагы терс көрүнүштөргө атайын рейддерди уюштуруу.

- Майрамдык иш-чаралар пландаштырылган коомдук жайлардын тазалыгын камсыз кылуу.


Бул жыйын майрам күндөрү облустун бардык тургундарынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоого багытталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн