Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 13:34
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Александр Волкодав “Маданияттын мыкты кызматкери” жана 100 миң сом сыйлык менен сыйланды

15.01.2022 14:36
2382
Александр Волкодав  “Маданияттын мыкты кызматкери” жана 100 миң сом сыйлык менен сыйланды

Бүгүн, 15-январда, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту.


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Жаманкулов Аслександрды жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады.


Ошондой эле Александрга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.


Андан сон, келечектеги пландар, аны ишке ашыруу аракеттери тууралуу бааралашуу болуп, Александр алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштөө, мындан ары “Пелагеянын” тобунда чоң чыгармачылык гастролдордо болорун, келишимге ылайык, иш графиги тыгыздыгын маалымдады. Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан анын көңүлүнүн борборунда болорун белгилеп, дайыма байланышта боло турганын тастыктады.


Министр сүйлөшүү учурунда Алекстандарды Кыргызстан менен Россиянын эриш аркак жылынын жабылыш салтанатына катышуу сунушун айтып, аны ар тараптан колдоого даяр экендигин белгиледи.


Эске салсак, 32 жаштагы Александр Волкодав Россиянын "Голос" долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болгон. Александр Волкодав "Голос" долбоорунун бардык этаптарын ийгиликтүү өтүп, Элина Пан, Ернар Садирбаев жана Алишер Каримов сындуу ырчылар менен долбоордун финалына чыккан.


Ал эми, 2021-жылдын 30-декабрында, жаңы жылдын алдында музыкант Кыргызстан элине белек катары долбоордун жеңүүчүсү болду. Дал ушул күнү Россиянын Биринчи каналында көрсөтүүнүн акыркы сериясы чыгып, көрүүчүлөр добуштардын көбүн “Пелагея” командасынан Александрга беришкен.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн