Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Али Токтакунов: Матраимовдун АКШнын "кара тизмесине" кириши - менин жеңишим

10.12.2020 15:19
6777
Али Токтакунов: Матраимовдун АКШнын "кара тизмесине" кириши - менин жеңишим


"Азаттык" үналгысынын мурдагы журналисти Али Токтакунов АКШ Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду "Магнитский акт" тизмесине киргизгендигине байланыштуу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.


Өз кайрылуусунда Али Токтакунов кыргыз бийлигине АКШнын санкциясынан кийин Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз мүлктөрүн, банктагы эсептерин мамлекетке кайтарууга зор мүмкүнчүлүк ачылганын айтты. Мындан сырткары бул жеңиш журналисттердин, кыргыз элинин жана маркум Эгизбаевдин жеңиши экенин кошумчалаган.


"Матраимов уурдаган миллиондорду кайтарууга жол ачылды. Бул кыргыз бийлиги үчүн чоң белек, шпаргалка. Эгер чын дилден коррупцияга каршы күрөшүп, элдин ырыскысын кайтарып келем десе", - деген билдирүү калтырган Токтакунов.


Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Исмаилова Айнура
Азаматсыз, биз сиз менен сыймыктанабыз бирок азыркы бийлик уурдалган мулкторду кайтара аларына козум жетпейт себебин озунуз тушунот болушунуз керек.Бирок умутубузду узбойлук.
Гуля Азанкуловна
Али! Сиз Улан Эгизбаевтын башта ган ишин улантып ..ушунча "тепки" жеп Сокенин бийлигинен,ар кайсы Матраимовтун "фанаттарынан дагы...ишенбегендерден дагы... Бирок!Ошолорго! Моюн бербей! Коллегаларың м-н аягына чык тыңар! Силердей жаштарыбыз га(элин ойлогон) таазим! Бар болгула! Сыймыктанабыз! Ишиңерге ийгилик! Убагы келгенде! Бийликтегилер дагы баалашар силердин эмгеки ңерди! Соке ...көрсө...жаап-жашы рып аткан турбайбы.."подельнигин" Ошондой эле түшүнөбүз....
Кундуз Бектемирова
Ишиңерге ийгилик!!! Менин тандоом өнүккөн таза өлкө,балдарымдын келечеги үчүн билимдүү патриот жаштарды чыныгы өлкө үчүн күйгөн инсандарга таазим.
Даяана
Азамат!
Алсу
Улан маркумдун олуму аябай бутбос арман болду аттин ай. Аллахым озу колдосун эми сени!
ЯНЫЛ КЕКЕЕВНА
БИЙЛИККЕ ЭН СОНУН БОЛДУ ЭМИ МАТРАИМОВДУ КАМАП ТУРУП ОЗУ ЭЛЕ УУРДАЛГАН АКЧАЛАРДЫ КАЙТАРСА БОЛОТ ЭКЕН ДА