Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Али Токтакунов: Матраимовдун АКШнын "кара тизмесине" кириши - менин жеңишим

10.12.2020 15:19
6771
Али Токтакунов: Матраимовдун АКШнын "кара тизмесине" кириши - менин жеңишим


"Азаттык" үналгысынын мурдагы журналисти Али Токтакунов АКШ Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду "Магнитский акт" тизмесине киргизгендигине байланыштуу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.


Өз кайрылуусунда Али Токтакунов кыргыз бийлигине АКШнын санкциясынан кийин Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз мүлктөрүн, банктагы эсептерин мамлекетке кайтарууга зор мүмкүнчүлүк ачылганын айтты. Мындан сырткары бул жеңиш журналисттердин, кыргыз элинин жана маркум Эгизбаевдин жеңиши экенин кошумчалаган.


"Матраимов уурдаган миллиондорду кайтарууга жол ачылды. Бул кыргыз бийлиги үчүн чоң белек, шпаргалка. Эгер чын дилден коррупцияга каршы күрөшүп, элдин ырыскысын кайтарып келем десе", - деген билдирүү калтырган Токтакунов.


Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Дөөлөтбек
Элибиздин чыгаан журналиси эбегейсиз коррупциялык жолду ачканы мындан ары мындай болтурбоого жол ачты. .
Төрөбек Нурмухаммед
Али Азамат экенсиң!