Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Алибайдын баласы

08.05.2021 18:21
1892
Алибайдын баласы


Шу алакандай кагаз көкүрөгүн өйүгөн көсөөдөн арылтты. Көөдөнүндөгү көйгөйү даргөйгө айланды. Эми Жазгүлдү чарк айланган парвана болууга даяр эле. Ооба, шу алакандай кагаз Таштанды бир заматта өзгөрттү...

Автобус үйүнө чукул аялдамага токтойт. Таштан бүгүн негедир тээ айылдын башынан эле түшүп калды. Айылды аралап баскысы келди. Күнгө тике карап, кыйкырса, эх... Кубанычына чек жок...

Таштанды жазда эле армияга чакырган. Салмагы жетпей, өзү теңдүү топтон бөлүнүп калганга шагы сынып, ошондон бери ындыны өчүп, жер карама болуп кетти. Кечээ эле кунандай туйлап жүргөн баласынын, минтип дардисар санаасына энесинин ичи эзилет. Бир нерсе дейин дейт, пайитин таппайт. Ал ортодо агасы менен дагы кер-мур айтышып алды. Фрунзеге политехке окууга киргизүүгө мугалимдери менен сүйлөшүп койгонуна, так секире көнбөйт. «Армияга барам дедимби, барам. Достордун баары кетип атат. Мен, мине элден чыгып калайынбы!..» деп айтканынан кайтпайт. «Өй, галдир, досторуң аскерден келгиче, сен үчүнчү курста окуп каласын. Быйыл шанс бар. Кийин саңа жооп бере албайм...» деген агасы, агайларына берген убадаларын эстеп, буту күйгөн тооктой чебеленет. Таштан көгөрөт да, турат. Такыр сөз жебейт...

Жайды жайлата жаны тынган жок Таштандын. Салмак кошуу үчүн жебегенди жеди. Күзгө таяп калганда аскер комиссариатына жөнөп, түз эле полковниктин астанасын аттады. Ал Таштандын тыртайган дене-мүчөсүн башынан аягына чейин сыдыра карап, «Та-аак, балакай, шондо салмагың жетеби эми?..» деп мээримдүү жылмайды. «Жетет, жолдош полковник!.. Мени армияга жөнөтүшүңүздү суранам!..» деди үнүн бийик чыгарып. «Сендей патриоттор керек, бизге... Барасын үкам, барасын...» деп Таштандын арызына бир нерселерди жазып, «3-кабинетке бар...» деди полковник.

Мына шул алкандай кагазды беришти. Кубанычтан төш чөнтөгү тиреле түштү. Эми эки жумадан кийин Ошко комиссияга барат. Таштан төш чөнтөгүнө көз кырын таштап, көңүлү курсант. Негедир эл аралап баскысы келди...
Жайдын сапары эбак карып, сары жалбырактар нурданып, Жер-Эне бышыкчылыкка балкып турган чагы. Айылды өрдөй чыга бергенде жолоочуга көлөкөсүндө көкмайсан чөбү белен «меймандос» кара жыгач тосуп алат. Андагы балык жондо тууруна конгон бүркүттөй Токторбай ава чокчойуп отурган эле. Таштан жакындап басып барып:

- Саламалейкум ава... – деп учурашты. Карыянын карек нуруна өмүрдүн күзү уялап, карылыкка моюн сунганы качан. Анткен менен акылы тунук, кулагы сак. Айылдагы төрдүн көркү болгон эски киши эмеспи баса. Ал Таштандын колун кое бербей:

- Ким элең?.. – деди.

- Алибайдын баласымын, ава...

- Ие-ие, балам... Алибай дечи... Атаң рамалик, жүда-а такыба киши эле да. Апаң дамдүү отурабы?..

- Отурат ава...

- Бөлтүрүктөн безген козудай болуп каяктан келатасын, жаңгыз?.. – карыя шыргыйдай болгон билегин кармап суроолуу тигилди.

- Жакында армияга кетем, ава... – деп төш чөнтөгүндөгү алакандай кагазды көргөздү.

- Мунуң башка гап... Чоң жигит болот деген шу... Шу баданда бир арман калып кетти, балам. Ии... солдат болбой калдым. Согуш башталганда көөдак балдар элек да. «Биз чоңойгончо, согуш бүтүп калбаса экен» дейбиз. Аш-паш дегичең айыл аңгырап калды. Сайип кетти, Кадыр, Калмат, атаңа наалат, кырчындай жигиттер эле да. Кайтпай калышты. Менин эки бир тууганым ың-жыңсыз жоголду. Бири он сегизде, бири жигирмада болчу. Апам олорду шу, согуш үчүн төрөптүр да. Туулган жердин топурагы буйрубады, не кылабыз, анан. Апам рамалик, шолорду күтүп жүрүп өтүп кетти. Аны ойлосом, сенин ордуңа азыр жөнөгүм келет, балам... Күн өтпөйт да, кысталак. Гитлери болобу, немисиби тумшуктан ары бир коюп калсам дейм да. Пешенеге жазган эмес экен, согушту бизсиз эле бүтүрүп коюшту, - карыя нааразы болгондой жамбаштады. Токторбай аванын сөзү Таштанды шердентип койду.

Ушул жол менен жүргөн адам кара жыгачты пааналап отурмайын кетчү эмес. Бул даракты ким, качан отургузганын эч ким билбейт. Канчалаган тарыхты боюна сиңирген бай түп кара жыгач айылдын сүймөнчүктүү жайы. Карыянын сөзүнө муюган Таштан Асыран акенин келгенин салам бергенде билди.

- Мыногу, Алибайдын баласы армияга кетет экен... – карыя зор жаңылык тапкандай Асыран акеге кайрылды.

- Босун... босун... Менин баламан дагы кечээ кат келди, ава. «Черпак болдум...» деп жазыптыр...

- Онусу мине экен?.. – Токторбай ава ынтыла сурады.

- Билбейм... атаманы болсо керек да...– Асыран аке атайын мактанып айткандай болду.
- Балаң мине иш кылат, аскерде?..

- Лотчиктерди коруйт, ава... Самолеттор тоонун ичинен учуп чыгып, бир жакка бомба таштап келип, кайра тоонун ичине кирип кетет имиш. Сүрөтүн карасаң, жалаң эле самолеттордун арасында жүрөт, балам, бечара...
- Балаң, самолот айдаптырбы?..

- Шунча самолет коруп жүрүп, айдабай коет дейсизби, пусурманым, кызыксыз да. – Ал саамга ойлонуп Таштанга карап:

- Эми үка, Оогандан кудай сактасын... Шоякка жөнөтпөсүн деп тиле... – деди кабатыр болгондой.

- А, минеге Асыран ака?.. – деп кызыга сурады Таштан.

- Ооганстанда согушуп атыптыр. Талип деген басмачы чыгыптыр. Олорду талиптер деп коет экен...

- Өй, бала, башынан айт, ким согушуп атыптыр?.. – карыя Асыран акеге ыктай отурду.

- Талиптер менен Ыссыр согушуп атыптыр...

- Шо, немисти жеңген Ыссыр, Талипти жеңе албай калыптырбы?.. – Токторбай аванын кызыгы артты.

- Та-аң... Аны кудай билет да, ава... – ал карыяга бурулуп: - Орозалинин баласы шоякта согушуп атыптыр. Төшү толо орден имиш. Ону оякта экенин эч ким билбейт экен, ава. Ата-энесине дагы айтпаптыр. Шундай ава, айтпаң эч кимге... Оозу бош, дагы бирөө айтып койсо, Орозалинин оорукчан катыны өлүп албасын... – деди акырын.

- Жок айтпайм, балам. Согуштан баласын күткөн энени, мен билем го... Мына, оозум калитталган, - деп карыя эки илебин бармагы менен басып койду. Асыран аке кийимин кагынып, бир жакка жөнөдү.

Таштан көпкө чейин олтура бергиси келди. Адатта үйгө шашчу. Тээ төмөндө велосипедин ойкуп-кайкып айдап келаткан Аваз акени көрүп сүйүнүп кетти. Ал жүргөн жер майрам эле. Аваз аке улактын сазайын берчү. Аттан жыгылып белин мертинтип алгандан бери, карагер атын шу велосипедке алмаштырган. Бели бүкүрөйүп, таяк таянганы менен тили дале табында. Эч кимге бош келбейт. Жамактап ыр токуп, безге сайган жоругу бар. Велосипедин арыкка жаткырып, Таштанга учурашып:

- «Алибаев Таштан, ала берем аштан...», кандай үка?.. -деп адатынча каткыра күлөт. Атасынын эшегине учкашып алып, орозодо иптар-таравадан калбаган Таштанга ушундай ыр жазып, мектептеги доскага илип койгонун окубаган адам жок эле айылда. Мындайда Аваз акеге кудай берип калбайбы. Алардын сөзүнө маани бербеген Токторбай ава:

- Биргатты көрдүңбү, балам?.. – Аваз акеге кайрылды.

- Контор жакта жүргөн, ава... – карыя менен учурашып, Таштанга карап: «Биргат, биргат, биргат, контордо жүрөт жыргап...» - деп, таягына жөлөнүп турду.

- Өй, бала, дамалбайсынбы... Ке, отур... Мыногу Алибайдын баласы аскерге кетип атыптыр... – деди карыя Таштанды көрсөтүп. Таштан жооптуу ишке даяр адамдай боюн созуп койду. Аваз аке таяк таянып турганды туура көрдү окшойт, ордунан жылбады.

-Бу авамын «калта кактысын» эми машина менен ташып жүрүш керек да, ава, - деди карыяга карап.

- Минеге?! – дейт карыя.

- Булар автомат экөө жаңгыз жүрө албайт. Автомат муну көтөрөбү, же бул автоматты көтөрөбү?.. – Аваз аке каткырып күлүп атты. Таштан ардана түштү. Төш чөнтөгүндөгү кагазды көрсөтүп:

- Аваз, ака, ончо кетпең... Аскерден келгенден кийин учурашып калып жүрбөйлү... – деди үнү диркирей.

- Болду, үкам, болду... Тамаша... – Аваз аке осол сүйлөп алганын моюнга алгандай, жубата сүйлөдү. Карыя алардын сөзүн бузуп:

- Сен өзү, аскерге бардың беле?.. – деп Аваз акеге кайрылды.

- Мен, армияда кой баккам, Токторбай ава, -деди Аваз аке.

- Ат баккан солдатты уккам... Койчусу дагы болот экен да...

- Койчусу жок болсо ачкадан өлбөйбү, солдаттар. Күздөн жазга чейин сакманда жүрөм десеңиз. Жүзүнөн 120дан козу алам. Анан жай келгенде чөпкө жөнөтүшөт. Жонубузда автомат. Эми элестетип көрүң, ава, чөп жыйып жүрөбүз.

- Койлору биздикине окшошпу?.. – деп кызыга сурайт карыя. Аваз акенин сөзүнүн төркүнүн түшүнгөн Таштандын ууртун күлкү чайды.

- Кадимки эле биздин койлор, ава. Зоотехниги болсо Абдирайим ака, раиси Көрпөңбаев... – деп сөзүн улай баштады эле, карыя ордунан ынтылып:

- Өй, бала армиянын дагы раиси болчу беле... Аскерде каякта болдуң шону айт?.. – деди таягы менен көзөй тиктеп.

- Тегирмен-Көлдү билесиз да, шонун үстүндөгү Суу-Чыкканда кызмат өтөгөм, ава.. – деди эле Токторбай ава:

- Ие, падариңа наалат, жөн сүйлөбөйсүн да... Зампарбай!.. – деген карыя эртеден бери колуна алып отурган тебетейин сылады. Чепкенин алдына калыңдата тартып сөзүн улап: – Асырандын баласы болсо, аскерде атаман экен... Самолот айдат имиш... - деди.

- Ким айтты, ава?..

- Асыран өзү айтты...

- Оббо пусурманым, эй, самолет мине Абдүрөсүлдүн трактири бекен, отуруп эле айдап кете бергидей. Асыраныңыз сүйлөй берет да... Асырандын «өрдөгү» учканда замбирек менен атып түшүрө албайсыз, ава... – Аваз аке таягына жөлөндү.

Аскердеги балдар жөнүндө сөз болуп жатканы Таштанга майдай жагып атты. Токторбай ава унутуп бараткан сөзүн эстегендей, Аваз акеге колун жаңсап:

- Жакын кел, маңа... – деди. Ал илкий басып, жанынан орун алды.

- Оногу, Орозаличи... Жанага капталдагы Орозалинин баласы согушуп атыптыр...

- Ким менен?..

- Ким эле?.. – карыя Таштанга кайрылды.

- Орозали аканин баласы Ооганстанда армияда экен. Оякта талип деген чыгыптыр го. Согушуп атыптыр шолор менен... – Таштан Асыран акеден укканын айтып берди.

- Шундай үка... Эч кимге ооз ачпа, эч ким билбейт экен. Оорукчан апасы угуп калса, өлүп албасын... – деди Токторбай ава Аваз акеге эскерте. Ал чын эле уга элек окшойт, кайра ордунан туруп, таягына жөлөнүп:

- Ава... оозум калитталган... – деп бармагы менен эки эринин басып койду. Карыя менен Аваз акенин убадалары окшош экенине Таштан таң калган деле жок.

Аңгычаң кыңылдап ырдап, Бекин аке келип калды. Анын бир көзүн ак басып, ачылып-жумулганы билинчү эмес. Көзүнүн курчу кеткени менен сөзүнүн мурчу далайды сыздаттар эле. Карыя менен учурашкан соң, Аваз акеге карап:

- Каримбектин кара талындай салаңдап турасын, анан... – деди. Чын эле Каримбек акенин атканасын басып кала тургандай бүкүрөйгөн кара талы бар эле. Аны жагыч менен тиреп коюшканына көп болгон. Бекин акенин окшоштура сүрөттөгөнүн эстеп Таштан «бырс» күлдү. Мындайда Аваз аке бош келмек беле.

- Гөзал акам, ай, гөзал акам... – деген Аваз аке таякка жөлөнгөн калыбында: - «Караганын ата алат, Бекин акам бир көзү, кудум эле аппарат...» - деп жылмайды. Бекин аке ылдый түшүп барып:

- Энеңди... мыногу таягыңды оозуңан тыгып, көчүгүңөн чыгарып салсам, койкоюп басып калбагын... – деди эле, Аваз аке:

- Шондо бажырайган көзүңүз менен тиктеп, жыргап каласызбы, анан. Гөзал ака... – деп велосипедин жылдырып качып жөнөдү. Бекин аке артынан кубалап баратты. Бул экөөнүн адаттагы тамашасы эле. Булар айылдын эрмеги. Экөөнүн карааны шу азыр көчөнүн шаңын көтөрүп учуп бараткандай көрүндү Таштанга.

Таштан төш чөнтөгүндөгү алакандай кагазга карап, боюн кере дем алды. Кечээки түнт мүнөз Таштан азыр шайырдын шайыры. Көңүлү чайытта ачык. Ал ордунан козголуп, Жазгүлдүн үйүн көздөй жөнөдү.

Токторбай ава, туурундагы бүркүттөй элеңдеп эки жагын каранат.

Шекербек Калыков, 8-май 2020-жыл, Бишкек шаары

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн