(Экинчи макала)
Жеке адамдын аң-сезиминин өсүшү белгилүү бир этаптарды басып өтөт. “Болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат” дегенибиз менен жеткинчек канчалык зирек, чыйракталса да, бала кезинде баары бир тууроо, ээрчүү, тыштагы даяр үлгүлөргө жетеленүү, чөйрөнүн көнүмүштөрүнө багыттануу этабын баштан өткөрөт. Психология илиминин кичине кезинде бала чоңдордун, бөлөктөрдүн өзүнө берген баасы аркылуу өзүн баалайт дегени туура. Тыш жакка ориентация жасоо андан ары уланат. Жаш адам чөйрөдө, коомдо үстөмдүк кылган саясый, адабий-маданий, моралдык түшүнүктөрдүн, көз караштардын, көндүм стандарттардын кучагында тотугат, телчигет, калыптанат жана жеке мени жарала элек жаш чакта боюна сиңген көнүмүштөрдөн, догмалардан кийин да оңой менен кутула албайт. Мындай мыйзам ченемдүүлүктү балалык, жаштык мезгилинде киши аттап өтө албайт. Кыргыз турмушунан бир типтүү мисал келтирели. Салижан Жигитов өзү жөнүндө минтип жазат: “Өзгөлөр канткенин ким билет, ушу мен өзүм, кыргыздын бир кыйынсынган интеллигент кулуну, өмүрдүн бир топ белесине чейин өз улутумдун өткөн-кеткенине, тиричилик жагдайына, каада-салт мамилелерине деги бир өгөйлөп караган эмес экемин. Тестиер чагыман борбор шаарыбызга келип окуй баштасам да, жогорку окуу жайынын акыркы курстарына баргыча айылдык чөйрөнүн каныма сиңген түшүнүктөрүнөн жана өнөкөттөрүнөн алыс узап кете албапмын, коомдук эмгектен тышкары турмушунда, б.а., карандай оокат-тиричилик (бытовой) сферада көпчүлүк улутташтарым жолдогон ата мурас эрежелер, жол-жоболор, үрп-адаттар, жөрөлгөлөр башка элдердикинен өйдө деп ынанып келипмин. Атүгүл биздин кыргыздан кыйын эл жок дегендей баёо ойду да көпкө чейин көңүлүмдө алдейлеп жүрүпмүн. Көрсө, ошолордун баары менин элеттик аң-сезимиме, каныкпаган көздөрүмө кабат-кабат тартылган иллюзия (жалган элес) пардалары экен”.
Салижан Жигитовдун бул сыр ачуусунан улам Алыкул Осмоновду көз алдыга келтиребиз. С.Жигитовдукундай өзүн-өзү тапканга чейинки, өзүнүн МЭНине ээ болгонго чейинки жолду Алыкул Осмонов да баспай койбогон. “Жазган чыгармаларынан авторду күзгүдөн көргөндөй көрөбүз” деген сөз ырас болсо, анда А.Осмоновдун жаш калем кезиндеги алгачкы поэтикалык жыйнактарындагы (“Таңдагы ырлар”, “Жылдыздуу жаштык” – 1935) ырлардан талант учкундары көрүнүп турса да, баары бир акыныбыздын аң-сезими өз мезгилинин “модаларынын”, стандарттарынын алкагында туруп, негизинен нормативдүү экендиги байкалат. Адабий илимдин жыйынтыктарына да назар буруп өтөлү:
“Тунгуч ыр китептеринде («Таңдагы ырлар», 1935; «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан» 1937), Осмонов башка калемдештериндей эле жаңы доордун салтанат курганын, элибиздин бак-таалайга бөлөнгөнүн, жергебиздин кереметтей өзгөргөнүн, эскиликтин заманасы куурулганын, жаңылыктын арааны жүргөнүн, жаштардын жалындуу демилгеленген көтөрүңкү пафос, шаңдуу үн менен ырга кошкон; дүйнөдө, СССРде жана республикабызда болуп турган маанилүү окуяларга, белгилүү календарлык даталарга, ошо кездеги атагы чыккан кишилерге арноолор, ар кыл чакырыктар, марштар, декломациялык саптар жазган; өмүр, дүйнө, ашыглык жөн-жайынан сыр чертүүгө далалаттанган. Айтор, башка замандаш акындар кандай темаларга кайрылса, а да ошолорго кайрылган. Бирок темалардын иштелип чыгышы, көркөм ойлордун айтылышы жагынан жаш акын оригиналдуулук көрсөтө албай, тек ошол кездеги карапайым аң-сезимде өкүм сүрүп турган, актуалдуу саясый үгүт-насаатта, мезгилдүү басма сөздө жана поэзияда жар салынган көз караштарды, ой-пикирлерди, түшүнүктөрдү үстүртөн кайталаган”. (Кыргыз адабиятынын тарыхы. – Бишкек, 2012, 419-бет). Алгачкы жыйнактарында “ырлар төкмө акындардыкындай жамакка жакын жазылып, көбүнчө уйкаш кубалагандыктан” кийин акындын өзүнүн купулуна толбой калгандыгын Памирбек Казыбаев жазат. (Казыбаев П. Мезгил жана Алыкул, 7-бет).
Демек, Алыкул Осмонов “сары тумшук” калемгер чагында 30-жылдарда күчүнө кирген сталиндик акимчил-буйрукчул системадагы саясатташкан, идеологиялашкан адабияттын ичинде жалпы шарда көптүн бири катары жашаган. Азырынча А.Осмоновдун сүрөттөө предмети – тышкы дүйнө, сырттагы окуялар. Ал поэзияда “автономдуу” тирлик кылууга өтө элек.
Адам баласынын турмушунда күндөрдүн бир күндөрүндө өмүрдүн жаңы тилкеси башталат. Алдыдан жаңы горизонттор ачылат. Бул рухий-интеллектуалдык, эстетикалык өнүгүүнүн жаңы этабы. Мындай өзгөрүү баардык эле адамдарда тегиз боло бербейт. Каргадай кезинен канына сиңип калган канондордун ичинде өмүр бою жашай бергендер да болот. Мындай адамдардын тибин “Кыямат” романында парторг Кочкорбаевдин образы аркылуу Чыңгыз Айтматов эң мыкты көрсөткөн. Большевиктик-пролетардык, коммунисттик-тоталитардык идеологиялык манипуляция камырдай жууруп жаратып койгон Кочкорбаев кейиптенген акындар, сынчылар бизде аз эмес эле.
“Кечээ көргөн бүгүн жок” дегендей, агып туруу дайрага гана эмес, адамга да мүнөздүү. Инсанда өз ички дүйнөсүн тикийип тиктөө, өзүнө-өзү үңүлүп талдоого алуу, өзүнүн деңгээлине ардануу, жаңы ишенимдерге ээ болуу, жүрүм-турумун өз эрки, тандоосу менен өзү ич жактан жөнгө сала билүү (саморегуляция, самодетерминация), өзү менен өзү диалогго өтүү сыяктуу жаңы сапаттар келип чыгат. Кишиде личносттук-индивидуалдуу аң-сезим, дүйнө кабылдоо жаралат. Инсан өзүн-өзү ачат. Тышта эркиндиги чектелген болсо да, адам ички суверендүүлүгүнө ээ болот. Дал ушундай кырдаалда чыгармачылыкта бурулуш башталат. Алыкул Осмновдун адамдык жана акындык рухунда дал ушундай төңкөрүш болуп өткөн. Жогорудагы сыр ачуусунда Салижан Жигитов “көздөрүнө кабат-кабат тартылган иллюзия пардаларынан” кутулуп чыгышы үчүн китептерди көп окугандыгы, дүйнөлүк илим-билимди өздөштүргөндүгү чоң роль ойногондугун бөлүп көрсөткөн. Ырас эле, кыргыз даанышмандыгы айткандай, “билимдүүгө дүйнө жарык” эмеспи. “Китеп менин турмушумда өз энемдин ролундай эле роль аткарды” (М.Горький). Турмуш сабактарынан башка да, китеп Алыкул Осмоновдун акылын курчутуп, көзүн ачып, жолун жарык кылган. Алыкул өзүнүн “Жазуучулук баянында” 30-жылдарда китепти өтө көп окугандыгын жазып жатпайбы. Акын “Пушкинге” деген ырында “Он үчүмдө ыр көлүнөн суу ичип, он төртүмдө сени менен таанышкам” деп жазып отурат. Илим-билими илгерилеп, өзүн-өзү аңдап түшүнүү өскөн сайын жеке чыгармачылыгына канаттанбоочулук күчөй баштаган. “Мен уялам, мына мындан уялам, көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам” деп акын бекеринен жазган эмес. Акындын ички дүйнөсүндө терең “тектоникалык” өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгына, анын бир канча ырларын өз колу менен өрттөп жибериши күбө болуп турат. Мындай окуя 20-40-жылдардын адабий тарыхынан дээрлик кездешпейт. “Чолпонстан” деген ыр жыйнагын поэзия дегенден уялыңкырап, бир кезде белекке берип коюп, кийин кайра алып кеткенин Түгөлбай Сыдыкбеков эскерген. Алыкул таануучу Памирбек Казыбаев акындын жубайы Зейнептин эскерүү сөзүн төмөнкүчө кагазга түшүргөн: “...1941-жылы үйлөнүү тоюбуз болду. ...Бөлмөдө кагаз жыйылган чоң жазуу үстөлү турар эле. Жаңы үйлөнгөнүбүздө Алыкул ошол үстөлгө сейрек отуруп иштечү. Бактыбызга эреркеген мен “эмне үчүн көп иштебейсиң, эмне үчүн согуш, тыл жөнүндө жазбай калдың?” деп кез-кез сурап калчумун. Жооп берчү эмес. «Жазарын жазам» дечү Алыкул чечилсе, «бирок башкалардай жазууну каалабайм».
«Башкалардай жазууну каалабайм» деген сөзү Алыкулдун өзүнүн ырларынын деңгээлине да, ошол доордун поэзиясындагы көнүмүштөргө да каршы өзүнчө бир ички козголоң, бунт болгон дээр элек. “Алыкул мага өзүнүн ыр жыйнактарын көрсөткөндөн тартынчу. Анын жалгыз мактанычы, сыйыпычы эле анда “Жолборс терисин кийген баатыр” болчу” деп эскерген ошол эле Зейнеп Сооронбаева (П.Казыбаев. Мегил жана Алыкул.- Бишкек, “Улуу тоолор”. 2024. 144-150-беттер).
“Жолборс терисин кийген баатыр” демекчи, А.Осмоновдун ич жактан кайра курулушуна, эстетикалык аң-сезиминин кескин өзгөрүшүнө дүйнөлүк классиканы окугандыгы гана эмес, анын улуу үлгүлөрүн кыргыз тилине которуунун азап-тозогун тарткандыгы да күчтүү таасирин бергендир. Шота Руставелинин дүйнөлүк атактуу чыгармасын, Пушкиндин классикалык “Евгений Онегин” романын, ааламга атагы чыккан В.Шекспирдин “Он экинчи түн” комедиясын, даңктуу “Отелло” трагедиясын, классик Крыловдун тамсилдерин кыргызчага которушу А.Осмоновдун чыгармачылык тагдырындагы маанилүү окуя болгон. А.Осмонов котормо өнөрү менен да алектене жүрөйүн деген жөнсалды кызыкчылыктан эмес, чыгармачылыктагы ишке аша элек кыялдарын жүзөгө ашыруу үчүн, эңсеген пегасын минүү үчүн атайын бел байлап, дүйнөлүк классиканын мектебинен практика жүзүндө өтүү үчүн которууга чындап киришкен. Практика жүзүндө демекчи, которуу ошол чыгарманы жаратууда классиктин баскан жолун котормочунун да кайрадан басып өтүшү, автордун тарткан азап-тозокторун оодармачынын да баштан кечиргени деген сөз эмеспи. Бул өзүнчө бир университет да. Котормочу көрөгөч, даанышман болсо, ал котормодо буквализм оорусу менен оорубайт. Котормочу классиктин философиясын, тереңдеги подтекстерин, логикасын, сюжеттик-композциялык чеберчилигин, сүрөттөө ыкмаларын, колдонгон каражаттарын, каармандардын жүрүм-турумун мотивировкалоо устакерлигин, психологизмин, поэтикасын, эстетикасын шыкалап карайт. Ушул сырларды ачып, котормочу сабак алат, мындан өзү да тутанып, от алат, жалындап күйөт. Ушинтпесе Алыкул Алыкул болот беле? Бекеринен ал “Аалам алпы Шекспирдей күч менен, /ооруп жатып алышканым билбейсиң” деп жазган эмес. Алыкул 1937-жылы эле “Биз кыргыз акындары Пушкиндин залкар маданияты менен чеберчилигин өздөштүрө билишибиз керек” деп жазган. Демек, А.Осмонов дүйнөлүк классиканы окуганда, которгондо да анын чеберчилик техникасына үңүлүп, көңүл буруп отурган. “Жолборс терисин кийген баатырды” которуу процесси кандайча жүргөнүн А.Осмонов “Жазуучулук баянымда” мындайча эскерген: “Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин отурам. Окуйм, котором, таңгалам, кубанам. Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм”. Алыкул акын күн-түн алпурушуп, классиканын казына байлыгын мына ушинтип ачкан, өздөштүргөн. Классиканын мектебинен мына ушинтип окуган.
Замандаштары Алыкулду түнт, ойчул катары эскеришет. Чындыгында Алыкулда даанышмандык касиет болгон. “Ушул балада бир нерсе бар экенин туюп турам” деп Мукай Элебаев Алыкулдун түнттүгүнөн акылгөйлүктүн шарпасын сезген экен. Медеткан Шеримкулов “Алыкул кыдыр даарыган сейрек талант” деген сынаакы сөздү туура айткан. Салижан Жигитовдун: “Анын нукура акындык кудурети, мүмкүнчүлүктөрү көмүскөдө бугуп жаткан” деген көрөгөч баамы да акыйкат. Алыкулдун өзү да “Көзүм өткүр өрттү өчүрө караган” деп бир ырында айтканы бар. «Алыкул жаңы өсүп келе жаткандардан сени гана сүйөм, сага гана ишенем» (Ж.Бөкөнбаевдин Алыкулга жазган катынан).
Классика өзүнүн даанышмандыгын даанышманга гана кең-кесири ачып берет. Англиялык котормочу Уолтер Пушкин менен Аыкулдун “жандүйнөлөрүнүн окшоштугун туйдум” десе, окумуштуу жазуучу, публицист Абдыкерим Муратов “Алыкул кыргыз поэзия ааламынын генийи” дейт. Дал ошондой кудурети күчтүү даанышмандыгы бар акын болгондуктан Алыкулга Шекспир менен Пушкин жана башка классиктер ачылып берген. “Өрттү өчүрө караган көзү өткүр”, “Кыдыр даарыган” акын болгондугу үчүн ал Ш.Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” чыгармасынын кыргызча конгениалдуу котормосун жаратып таштаган. “Жолборс терисин кийген баатырды” көркүнө чыгара эркин которгон акын “Шота Руставелиге” аттуу ырында “Жөнөй бер, дагы сонун жерге алпарат, алдагы мен берген ат – кыргыз аты” деп ишенимдүү түрдө жазган. Ырасында эле, Алыкул тартуулаган ак боз атты минип, Ш.Руставели XXI кылым менен кошо адымдап баратпайбы. “Жолборс терисин кийген баатыр” кыргыздын өзүнүн төл чыгармасындай болуп калды.
Дүйнөлүк классикалык чыгармаларды окуп, үйрөнүп, которуп жатып, Алыкул Осмонов адабияттын миссиясы – “адам таануу (М.Горький), “адам адеп-ахлагынын тарыхын” ырдоо (О.Бальзак) экендигин, анын функциясы “Партиялык иштин бир бөлүгү” болуудан алда канча кеңири экенин, адабияттын озуйпасы саясый тарбияда гана эмес, түпкүлүгүндө руханий – эстетикалык, гуманисттик тарбияда жаткандыгын ички тереңинде аңдабай койбогон. Көнүмүш түшүнүктөрү бүлүнүүгө учурап, ич жагынан интеллектуалдашып, алды жактан жаңы горизонтторду көргөн акын үчүн мурда жазып жүргөнүндөй жазуу, демейки хордун ичинде ырдоо мүмкүн болбой калган (айрыкча, “Жолборс терисин кийген баатырдан” кийин). Бир сөз менен айтканда, Алыкулдун инсанында советтик “кызыл” акындын иллюзиялары жана саясый-идеологиялык стандарттары бузулган. Ал түз сызыктуу, бир жактуу дүйнө кабылдоодон оолактап, жергиликтүү алкактан көтөрүлүп, жалпы адамзаттык нуктагы гуманисттик, маданий-эстетикалык деңгээлге өсүп чыга келген. Бул жерде дүйнөлүк адабият менен сырдашуу, котормочулук Алыкулдун акындык жазмышында кандай күчкө ээ болгондугу жөнүндө замандаш калемдеши Абдрасул Токтомушевдин образдуу сөзүн эске түшүрүү ылайык. “Биз анча-мынча эле жазганыбызга эрдемсип, боз үйгө жакын аркандалган музоо көк чөпкө тойгондой токпейил тартып жүргөндө, Алыкул небак эле Ала-Тоодон алыска кетип, Шекспирдин, Шотанын, Пушкиндин дүйнөсүнө суңгүп аралашып, бүлүк салып алыптыр”. (П.Казыбаев. Мезгил жана Алыкул, 26-бет).
40-жылдардын башында жубайы Зейнеп Сооронбаева: “Эмне үчүн көп иштебейсиң?” деп сураганда, Алыкул “Жазарын жазам. Жазуунун убагы келет” деп жооп берген экен. Көп өтпөй Алыкул өз ичинен рухий-поэтикалык каруу-күчкө толгондугун сезип, эми чындап жазуунун убагы келгендигин туюп, ичтеги энергиясы жыйрылган пружинадай сыртка серпилүүгө ыкыс берип, мындан ары өлбөс ырларды жаратарына ишенген сыяктуу. “Баары өзгөрөт, баары өчөт дейт турмушта, мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот!” деген саптары ошондой өзүнө өзү бекем ишенгенден чыккан саптар го.
Чынында эле Алыкул өлбөс-өчпөс поэзияны жаратып бербедиби. Акын жогорудагы “Башкалардай жазууну каалабайм” деген сөзүн бекер айтпаптыр. А.Осмоновдун башкалардан өзгөчө жазган айырмачылыгын кийинки акын Байдылда Сарногоев мындайча туура белгилеп турат: “Кыргыз акындарынын бир тобу кооздуктун, аллитернациянын, уйкаштын жана эргиген эмоциянын акындары болушса, Алыкул ойчул, баамчыл, философиялык толгонуулардын акыны!” “Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот!” деген акындын сөзүн далилдегендей Сүйүнбай Эралиев акыныбыздын айтканы бул: “А бул болсо чыныгы өлбөстүктүн белгиси. Меккеге зыяратка эл баргандай, адабият ынтызарлары ага чууруп тынбайт. Алар өздөрүн Алыкул менен текшерип, анын сынынан өткүлөрү келишет. Муну көрүп туруп, Алыкул кечээки менен бүгүнкүнү, бүгүнкү менен эртеңкини жана ал аркылуу муундар менен муундарды байланыштырган алтын көпүрөгө окшоп калгандыгын сезбей коюу мүмкүн эмес”. (С.Эралиевдин, А.Осмоновдун 75 жылдыгында сүйлөгөн сөзүнөн).
“Алтын көпүрө” демекчи, адабияттагы тарыхый өтмө-катыштыктын, уланмалуулуктун мыйзамы Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгында да аракетте турат. Туулган туурдун кыртышы болбосо, андан тамыр албаса, чырпыктын чынар болуп өсүшү кыйын. Алыкулдун көкөлөп көтөрүлүшүндө эл аралык адабий тажрыйба гана эмес, улуу “Манас” баш болгон элдик оозеки чыгармачылыктын ажайып көркөм дүйнөсү жана акындар поэзиясынын өрнөктөрү да роль ойногон. А.Осмоновдун ар дайым улуттук фольклордун үлгүлөрүн үйрөнө жүргөндүгүн, эл оозунан уккан насыят кептерди, учкул акылман сөздөрдү, уламыштарды дептерине дамамат чиймелеп жазып алып тургандыгын фактылар далилдейт. Анын элдик уламыштын негизинде “Толубай сынчы” поэмасын жараткандыгы белгилүү. Элдик ырлардын стилистикасын, ритмикасын, образдык курулмаларын, мотивдерин пайдаланып, бир катар ырларды да жазган (мисалы, “Саанчы жеңе”, “Бекбекей”, “Жар көрүү”, “Кыз өпмөй” ж. б.). А.Осмонов мектеп үчүн хрестоматия да түзүп, ага Токтогулдун өмүрүн, чыгармачылыгын, “Манас” эпосунан үзүндүнү киргизген. Ал өзүнүн бир макаласында жаш муударды тарбиялоодо “Манас” эпосунун мааниси чоң экендигин баса белгилеген. Улуттук фольклордун алтын казынасындагы укмуштуу сөз “саймалары”, керемет пейзаждык сүрөттөр, каармандардын сөздөн токулган ажайып бейнелери, көз жоосун алган көркөм шөкөттөөлөр, оозду ачырган образдуу туюнтмалар, куюлушкан ыр курулмалары, поэтикалык кооздук А.Осмоновдун эстетикасына өрнөк болгон.
Ошондой эле, айта турган нерсе, 30-40-жылдарда жалгыз гана А.Осмонов бар эле дебешибиз керек. Ал кезде адабиятыбыз идеологиялык алкактын ичинде болсо да, акырындап улам бир эстетикалык жаңы сапаттарга ээ болуп, алдыга жылып бараткан. (Ж.Турусбековдун “Энеме”, Ж.Бөкөнбаевдин “Ажал менен Ар-намыс” поэмаларын, А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, Мукай Элебаевдин “Узак жол”, К.Жантөшевдин “Каныбек”, Т.Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” романдарын эске түшүрөлү). Памирбек Казыбаевдин өмүр баяндык иликтөөсүнө караганда, А.Осмонов айрыкча Мукай менен Жусупту жакшы көргөн. Экөө согушка аттанганда, алардан калып, көргөн күнүм курусун деп, Алыкул майданга жөнөтүүнү аскер комиссариатынан суранган экен. 30-жылдардын башында жаш калем Алыкулдун ырларын окуп, Жусуп Турусбековдун педтехникумда мактоо жыйналышын өткөрүп, поэзияга шыктандыргандыгын Осмонов өзү эскерген. Аалы Токомбаев жаш талант Алыкулду “Чабуул” журналына орноштуруп, колдоого алган.
Кыскасы, бир сөз менен айтканда, кыргыздын профессионал адабиятынында сап башында турушкан акын жазуучулардын чыгармачылыгынын мыкты үлгүлөрү да А.Осмоновдун акын катары калыптанышында алгачкы таалимдин ролун ойногон. Жыйынтыктап айтсак, өзүн туулган туурдун топурагынын кудурет-күчү тиреп тургандыгын даанышмандык менен сезгендиги үчүн Алыкул “Мен кыргыздын акыны” деп сыймыктануу менен жазып отурат. Адабияттагы уламалуулук мыйзамын эске алып, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн баскан жолуна кеңири карап айткан карачай акыны Б.Хубиевдин “Алыкул Осмонов Токтогулдун шакирти эмей эмине” деген сөзүндө жүйөлүү маани жатат. Алыкулдун таланты ич жактан да, тыш жактан да азык алгандыгы менен күчтүү болгон. Алыкулдун личносту жана көркөм аң-сезими маданияттардын синтезинен бүткөн феномен. Акында табият тартуулаган ажайып улуу көрөңгө нукура талант бар.
Акындын чыгармачылык тагдырына таасирин тийгизген дагы бир факторго көңүл буруу зарыл. Кичинекейинен ата-энесинен ажырап, жетим калып, психологиялык азап тартып, арманда чоңойгондугу, эр жеткенде айыкпас кеселге чалдыгып, өмүр бою “өлүм менен үзөңгүлөш” (Кеңеш Жусупов) жашагандыгы, сүйгөн кызына жетпей өксүгөндүгү, өлгөн-талганда көргөн наристесинин өлүмү, үй-бүлөлүк драмага тушугуп, аялы менен ажырашып, жалгыз калышы, ушунун баары акыры келип акынды турмушка көздү чоң ачып, реалистче кароого түрткөн. Жаңы өзгөрүүлөр болуп жатса да, жандуу турмуш адабияттагы “жыргап жатат биздин эл, куунап жатат биздин эл” деп шаңдангандай эмес экендигин, турмуш сахнасында баягы эле адам пендесинин комедиясы менен трагедиясы ойнолуп жаткандыгын, ошол эле өлүм менен өмүрдүн, жарык менен көлөкөнүн, жакшылык менен жамандыктын, чындык менен жалгандын, аксанатайлык менен карасантайлыктын күрөшү жүрүп тургандыгын, классикалык адабият социалдык турмуштун дал ушул антиномиясын кашкайта чагылдыргандыгы менен күчтүү жана өлбөс экенин Алыкул “өрттү өчүрө караган өткүр көзү” менен көрө алган.
Турмушка кызыл-тазыл иллюзияларсыз “көз айнексиз” карап, аны өзүнүн татаалдыгында жана карама-каршылыгында көрүп, ааламдагы, дүйнөдөгү, коомдогу баардык нерселер адамдын жүрөгү аркылуу өтөрүн туюп, пенде жашоосунун драмаларын, ачуу-таттуусун, кайгы-кубанычын ырдоо, индивидуумдун субъективдүү дүйнөсүнөн объективдүү маанини таап жазуу, турмуш чындыгынын поэзиясын жаратуу акындын эстетикалык кредосу эле. “Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албайм!” Ошентип, акыры барып түшүм кандай болду? Бир сөз менен айтканда, “Талант табияты өзгөчө бүткөн бул акын өзү жашаган доордун үнү да, күзгүсү да боло алды” (С.Эралиев).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн