Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 17:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Алимбаев: Чек арадагы окуядан жараат алган 13 жарандын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүлөт

29.01.2022 17:47
1147
Алимбаев: Чек арадагы окуядан жараат алган 13 жарандын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүлөт



Мамлекет башчынын Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 29-январда, Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жаткан 13 жарандын абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, облус башчысы дарыланып жаткан жарандардын тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.


Белгилей кетсек, 29-январга карата чек арадагы окуядан Баткен облусунда жабыркагандардын жалпы саны 13 адамды түздү.


Жабыркагандардын бардыгы Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган, жабырлануучулардын абалы орточо, аларга тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө.


Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түнкү абал тынч, эч кандай терс көрүнүшсүз өттү.


Кыргыз-тажик күч түзүмдөрү биргеликте коомдук абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөөдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн