Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Алимент төлөбөй, тоноого шектелген жарандар Россияда кармалды

Алимент төлөбөй, тоноого шектелген жарандар Россияда кармалды

Ички иштер министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын натыйжасында Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жарандар аныкталган.


 Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган Э.О. кармалды. Ал"алдын ала макулдашып алуу менен жасалган каракчылык" беренсинде көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2011-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Шектүүгө Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү издөө жарыялаган. 2011-жылы жаран Э.О. өзүнүн шериктештери менен кол салышкан. Сокулук районунда түн ичинде үйгө кирип, үй ээлерин сабап, коркутуп 100 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.


Ош облусунун тургуну 1952-жылы туулган К.С. (аял киши) Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан "Олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык" беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн. 2016-жылдан баштап мамлекеттер аралык издөөгө алынган.


Андан сырткары Талас облусунун тургуну 1979-жылы туулган М.Э. кармалды. Ал 2020-жылдын декабрь айынан баштап Талас районунун ички иштер бөлүмү тарабынан балдарын багууга акча каражатын төлөбөгөндүгү үчүн (алимент) издөөдө жүргөн.


Издөө алган тараптар кабарланды. Кармалган жарандарды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилип жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн