Бугу 08, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев: Башкы дарыгерлер качан кайтасыз деп жатышат, мен даярмын, чечим президентте

17.08.2022 08:43
1075
Алымкадыр Бейшеналиев: Башкы дарыгерлер качан кайтасыз деп жатышат, мен даярмын, чечим президентте

Кайрадан саламаттык сактоо министри болууга, жумушка чыгууга азыр десе азыр даярмын. Бул тууралуу убактылуу кызматтан четтетилген  министр Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү агенттиктердин бирине билдирди.


"Кайрадан  министр болууга даярмын. Азыр десе азыр даярмын. Анткени медицина жаатындагы баштаган реформаны аягына чыгарыш керек. Мен жокто баары токтоп калганын көрдүңөр да. Медик, башкы дарыгердин баары чалып жатышат. Эгер жакшы иштеген болсом президент кайра ордума коёт деп ойлойм. Менден жакшы иштеген бирөө болсо, балким, аны коёт. Өзүмдүн адистигим боюнча дагы да иштеп, көп пайда алып келем деген ойдомун", — деди министр.


Ал президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн