Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиев Билим берүү министрлигине 12 медициналык окуу жайды жабуу боюнча өтүнүч жөнөттү

21.04.2022 15:54
355
Алымкадыр Бейшеналиев Билим берүү министрлигине 12 медициналык окуу жайды жабуу боюнча өтүнүч жөнөттү

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койду.


Ошондой эле тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жана Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөттү.


Жабыла турган медколледждердин тизмеси:


Ош облустук медициналык колледжи;

К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин алдындагы медициналык колледж;

«Авиценна Билим» медициналык колледжи;

Н. Пирогов атындагы медициналык колледж;

Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;

Кочкор-Ата аймактык колледжи;

ISITO медициналык колледжи;

«Дулдул Тоо» Араван колледжи;

С. Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи;

MUNIB медициналык колледжи;

Медицина жана фармация колледжи.


Кечээ, 20-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта жеке менчик медициналык колледжде студенттердин практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн толук шарт түзүлбөгөнү, буга байланыштуу тиешелүү чечим кабыл алып берүү өтүнүчү менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жөнөтүлгөнү айтылган

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн