Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Алымкадыр Бейшеналиев: Чек арада жаракат алган жарандардын айрымдарына операция жасалды

28.01.2022 12:59
784
Алымкадыр Бейшеналиев: Чек арада жаракат алган жарандардын айрымдарына операция жасалды

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен 11 кыргыз аскери жабыркады. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.



Жаракат алгандардын төртөө октун чачырандыларынан жабыркаса, экөөнө ок тийген.


"Алар айрымдарына операция жасалды, абалдары орточо оор деп бааланууда. Учурда дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Баткен жергесине Ош облустук бириккен ооруканасынан нейрохирург, травматолог, хирург жана торакалдык хирургдардан турган медициналык адистердин эки бригадасы жөнөтүлдү",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн