Тогуздун айы 30, 2024
Убакыт: 17:34
USD
85.65
86.15
EUR
92.20
93.20
RUB
0.875
0.915

Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту

30.10.2024 14:35
17
Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту


Күн мурунсаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлү саламаттсык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында орун алып, анда тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Бейшеналиев үстүбүздөгү жылдын июнь айында президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Кыргызстанда Борбор Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча 1-эл аралык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул иш-чара ДССУнун Европалык аймактык бюросу менен биргеликте Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө салым кошкон инновациялык стратегияларды бөлүшүү жана мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат.

Министр форумду өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ДССУга ыраазычылык билдирип, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ошондой эле санариптик саламаттык сактоо куралдарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде, Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калкынын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган демилгелерин ишке ашырууда ДССУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн