Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдон клиникасын 3 саатта бошотууну талап кылды (видео)

10.03.2022 13:54
622
Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдон клиникасын 3 саатта бошотууну талап кылды (видео)

Бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №2 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына барды.


Иш-чара калкты медициналык тейлөөнүн сапаты менен тааныштыруу, ошондой эле мурда Исманкулов атындагы көздүн микрохирургиясы клиникасы жайгашкан оорукананын имаратын пайдаланууга берилиши менен тааныштыруу пландалган. Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айтты.


"Сен 24 жылдан бери кыргыз элин алдап келесиң. Мен сага буга чейин эскерткем, сен суранганың үчүн 10 күн убакыт бергем. Кайра артка жылдырып жатасың. Эгер 3 сааттын ичинде клиниканы бошотпосоң, өкүнүп каласың. Сенде көйгөйлөр жаралат. Азыр өзүмдүн кароолчуларымды коюп кетем. Эч ким кире албайт", - деген министр.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн