Бүгүн, 4-июнда Октябрь райондук сотунда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын аныктоо боюнча соттук отурум өтүүдө.
Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ага карата ачылган кылмыш ишинде Башкы прокурордун тиешеси бар экенин билдирди.
"Январь айында Травматология бөлүмүндө ремонт иштерин жүргүзүүдө кемчиликтер болгон. Мен аны президентке дагы көрсөткөнмүн. Кийин аны менин балдарым жасады.
Андан кийин Исманкулов менен чатакташып кеттим. Ошондо Курманкул Зулушев мени каматам деп кысым көрсөткөн",- деди Бейшеналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн