Ушул жумада Министрлер кабинети Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланыштуу маселени карайт. Бул тууралуу министр "Кактус медиага" билдирген.
Анын айтымында, аны кызматтан алса Кыргызстандын жолдорун жаба турган аксакалдар бар.
"Баары менин адебимди сындашты. Ишимди эмес. Иш алдыга жылбаса адептин эмне кереги бар.
Мени президент урушуп турат. Адебиңди оңдо деп. Ушул жумада Министрлер кабинети менин маселемди карайт. Бирок мен кызматта калам деп ишенем.
Мен кызматтан кетсем Кыргызстандын жолун жаба турган аксакалдар бар",- деди министр Бейшеналиев.
Пикирлер (5)