Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алымкадыр Бейшеналиев Ошто оор абалда иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирди

06.07.2021 15:40
753
Алымкадыр Бейшеналиев Ошто оор абалда иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирди


Бүгүн, 6-июлда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына келип, жалпы жамаат менен жолугушту.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуу учурунда жалпы жамааттын көйгөйлөрүн угуп, оор эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен, учурдагы пандемия шартында COVID-19 илдетинин алдын алуу жана күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Айрыкча коллективдик вакцинациялоо иштерине катуу көңүл бурууга басым жасады.  


Андан тышкары жамааттын сунуштарын угуп, аларды чечип берүүгө болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирди. Андан кийин министр жалпы оорукананы кыдырып, жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө аяктап жаткан ремонт иштерин коруп, жасалып жаткан иштердин жогорку деңгээлде аткарылып жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн