Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдагы Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков өз каалоосу менен кызматтан кеткенин айтты. Бул тууралуу ал "Кактус.медиа" редакциясына билдирген.
Анын айтымында, Жумабеков мындан ары аталган ооруканада иштебейт.
"Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башчылыгына көп жылдар бою иштеп келген дарыгерди башкы дарыгердин милдетин аткаруучу кылып дайындадык.
Ал эми Дамир Дүйшөнов да Сабырбек Жумабеков менен көп жылдар бою иштешип келгендиктен башкы дарыгер болуудан баш тартты", - деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн