Санитардык нормаларга жооп бербеген бардык май куюучу жайлар жабылат. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору республика боюнча текшерүү жүргүзөт.
"Эми Кыргызстандагы бардык май куюучу жайлар текшерилет. Санитардык нормаларга жооп бербеген жайлар жабылат. Буга чейин 3 май куюучу жай талаптарга жооп бербегендиктен жабылган. Эми бардык май куюучу жайлар текшерилет",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн