Бугу 23, 2025
Убакыт: 19:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын кызматкерлери 2 күн аңдып, аэропорттон суракка алганын билдирди

16.05.2022 11:41
953
Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын кызматкерлери 2 күн аңдып, аэропорттон суракка алганын билдирди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМК кызматкерлери тарабынан аэропортто суракка алганын айтты. Бул тууралуу министр АКИпресс агенттигине билдирген.


Анын айтымында, ал 1-июнга чейин Германияда болот.


"УКМКнын кызматкерлери 2 күн аңдып, аэропорттон кармашты. Ал жерде суракка алды.

Саламаттыкты сактоо  министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору менен кеңешчим дагы кармалган. Мен УКМКнын Ысык-Көлдөгү башчысына чалып, кеңешчиси коркуткан кызматкерлерди кызматтан бошотууну сурандым. Ал болсо аны коркутуу катары кабыл алыптыр",- деди министр.


Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев аны каматкылары келип жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн