Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев социалдык тармактарда анын тарап жаткан сүрөт, видеолоруна комментарий берип, муну министрди жаманатты кылуу аракети менен байланыштырды. Ал интернетке чыккан сүрөттөрдөгү кыздар медициналык тармактын кызматкерлери экенин билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан билдирүүдө бул иштер “медициналык бизнестин кураторлору тарабынан жасалып жатканы” айтылат.
“Албетте, алар күткөн, даярданып келген медайымдардын кесиптик майрамы менин аброюма шек келтирүү үчүн пайдаланылганы абдан кейиштүү. Бул ал адамдардын абийирсиздигин жана мени кандай жол менен болсо да жок кылууга даяр экенин көрсөтүп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн